Социалдык тармак үй-бүлөнү кантип бузат? Психологдун пикири

© Фото / Pixabay / PexelsНоутбукта иштеген кыз. Архив
Ноутбукта иштеген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис социалдык тармактардын жашообузга тереңдеп кирип алганы кызганчаак кыз-келиндер үчүн кээде терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жолдошун белгилүү бир аялдан кызгануу жубайын бир топ алсыратып, өзүнөн чыгарып ийиши мүмкүн. Бул тууралуу россиялык психолог Екатерина Протопопова РИА Новости агенттигине айтып берди.

Адис социалдык тармактардын жашообузга тереңдеп кирип алганы кызганчаак кыз-келиндер үчүн кээде терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

"Азыр көптөгөн келиндер күйөөсү менен мамилеси бар деп шекшиген аялдарды социалдык тармактарда аңдып турушат. Эгер аны байкап калчу болсо, атаандашынын ого берет күнү тууйт. Мисалы, келиндин күйөөсү ага көңүл бурбаган күндө дагы интрига таштаган постторду жазып, өзүнө-өзү гүл сатып алып, сүйүктүүсүнүн белеги катары көрсөтөт. Ансыз да шектенип турган аял ого берет кызганычка муунат", — дейт психолог.

Пара в городе Лион - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм сыртка чыкса эле баягысы менен жүргөндөй туюлат... Аялдын каты
Адистин айтымында, бул нерсе көпчүлүк учурда кызганган аялды өзүнөн чыгарып жибериши мүмкүн.

"Аял үйдөн чатак салат, күйөөсүнүн дарегине бир топ ачуу сөздөрдү айтат. Жыйынтыгында үй-бүлө бузулуп калышы ыктымал", — деп түшүндүрдү адис.

Андыктан Протопопова шектенген аялдарды үй-бүлөсүн, жолдошун сактап калгысы келсе, күйөөсүнүн "айланасындагы" аялдарды аңдыбай, өзү менен түз сүйлөшүүгө чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0