Түн тынч өттү. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба ГПС КРСотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук
Сотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Түн тынч өтүп, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГПС КРСотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук
Түн тынч өтүп, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Түн тынч өтүп, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди
© Фото / пресс-служба ГПС КРСотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук
Чек ара тилкесин эки өлкөнүн чек арачылары кайтарып турат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Чек ара тилкесин эки өлкөнүн чек арачылары кайтарып турат
© Фото / пресс-служба ГПС КРСотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
© Фото / пресс-служба ГПС КРСотрудники правоохранительных органов охраняют порядок на на границе Кыргызстана и Таджикистана в местности Жака-Орук
Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат.
1/4
Түн тынч өтүп, кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди
2/4
Чек ара тилкесин эки өлкөнүн чек арачылары кайтарып турат
3/4
Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
4/4
Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат.

Чек ара тилкесин эки өлкөнүн чек арачылары кайтарып турат. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү биргеликте чек арага жакын жайгашкан айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматта кырдаалга Баткен облусунда жүргөн Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыкерим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев көз салып жатканы айтылат.

Чек арадагы чыр

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Чек ара көйгөйү: кыргыз делегациясы бүрсүгүнү тажик делегациясы менен жолугат
Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен телефон аркылуу 10-январга караган түнү кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча маселени талкуулаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Аны менен бирге эле Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

11-январда Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы абалды сүйлөшкөн. Анда Жээнбеков биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин баса белгилеген.

Ушу тапта эки мамлекеттин тийиштүү органдары абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми 14-январь күнү вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы тажик тарап менен жолукмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0