Кыргыз-тажик чек ара чыры: учурда абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота пограничного управления ФСБ России по Челябинской области
Работа пограничного управления ФСБ России по Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн жарандары кайым айтышып, бири-бирине таш ыргытышкан. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. 11-январь саат 18:40ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарынын унааларын таш менен ургулашкан. Ал жерге Кыргызстандын башка жарандары да келип, кайым айтышуу таш ыргытууга өткөн.

“Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачыларынын жана укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен эки тараптын ортосундагы чыр-чатакты басууга мүмкүн болду”, - деп айтылат маалыматта.

Экинчи чыр-чатак Ош — Исфана — Баткен жолунун тилкесинде болгон. Мындан улам Кыргызстандын жарандары жолду тосуп салышкан. Саат 18.20да жол кайра ачылган.

Чек ара чыры

Чек араны коргоогон аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча соңку маалымат
Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0