Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековИйгилиги арткан финансист Орозбек Кенжетаев. Архив
Ийгилиги арткан финансист Орозбек Кенжетаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ийгилиги арткан финансист Орозбек Кенжетаев баарыбызды жеке автомобилден баш тартууга чакырат. Ал кантип кымбат баалуу унаасын сатып, коомдук транспортко өткөнүнөн кенен кеп салып берди.

Орозбек Кенжетаев 1990-жылдардын башында эле байлык топтоого жетишкен, бирок бир таңдагы чечими үчүн баарынан кол жууган. Бир нече банкта эмгектенүүгө үлгүрүп, катардагы кызматкерден топ-менеджерликке чейин жеткен.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз адегенде.

— Таласта туулуп-өскөм. Бала кезде үй-бүлөбүз менен тамеки талаасында иштечүбүз. Борборго 1982-жылы көчүп келдик. Мектепти бүтүргөндөн кийин бүткүл СССРге белгилүү Фрунзе политехникалык институтунун өндүрүштү башкарууну автоматташтыруу факультетин аяктагам. Бирок диплом колго тийгенде эле өз кесибим боюнча иш табалбасым анык болду, себеби заводдор жапырт жабыла баштаган эле.

90-жылдардын башында келечегибиз бүдөмүк туюлган. Талон менен самын, чай, арак алыш үчүн адамдардын кезеги бир чакырымдан ашчу. Досторум менен иш баштап, Кытайдан Сибирге тон, күрмө жана кроссовка ташып, ал жактан каймак май жана дары-дармек алып келчүбүз. Анда даңкы далайга тараган "Дордой" базары ачыла элек убак, "Спартак" стадионунда жайып алып сатчубуз.

— Ошол тушта рэкеттердин "ишмердиги" гүлдөп турган беле?

— Мамлекет иш жүзүндө бизнестен оолак болчу. Анан, албетте, кылмышкерлер баш көтөргөн. Ишкерлерди жөн эле өлтүрүп коюшчу... Күрөшүүгө туура келген. Кээде коркутушчу, бирок мен ишти таза жүргүзчүмүн.

© Sputnik / Табылды КадырбековИйгилиги арткан финансист Орозбек Кенжетаев: 90-жылдардын башында даңкы далайга тараган "Дордой" базары ачыла элек убак, "Спартак" стадионунда жайып алып сатчубуз.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Ийгилиги арткан финансист Орозбек Кенжетаев: 90-жылдардын башында даңкы далайга тараган "Дордой" базары ачыла элек убак, "Спартак" стадионунда жайып алып сатчубуз.

— Ошондо көбүнүн бизнеси кыйраган тура...

— Ооба, мен дагы бир нече ирет тапканымдын баарын жоготком. Мамлекет таза бизнести кантип талкаларын сиздерге айтып берейин. Ошол күндү түк унутпачудаймын. 1995-жылы телевизорду коюп, Кыргыз фондулук биржасынын ачылышындагы президент Аскар Акаевдин жалындуу сөзүн тыңдадым. Ал баалуу кагаздар рыногу жөнүндөгү мыйзамга кол койгонун, эми ар бир кыргызстандык жаран каражатын ага салып, ар таңда акциянын айланышына кофеден татып гана көз сала аларын айтты. Көрсө, Акаевдин сөздөрүн түз кабылдаган экенмин…

Предприниматели Жанболот Эламан уулу и Талгат Жаныбаев - Sputnik Кыргызстан
Айына 5 миң доллар тапчубуз! Жупуну үй-бүлөдөн чыккан эки жигиттин ийгилиги
Ал маалда бир топ акча топтоп койгом, ошол чогулткан 105 миң доллардын баарын кыргызстандык 42 ишканага салдым. Көбү банкрот болуп калды, мындайча айтканда, бир күндө бардык тапканымды жоготтум.

Ал кезде бизнес кылууну бизге эч ким үйрөткөн эмес, жаңылыштыгыбыз арбын эле. Көптөгөн заводдорду рыноктук экономика деген эмне экенин билбеген директорлор жетектеген.

"Кыргызстан аба жолдору", "Кыргызгазмунайзат", "Мебельщик", "Кыргызобувторг" өңдүү алптары да рыноктун кысымына туруштук бере алган эмес.

— Бизнести жүргүзүү принциптерин кантип өздөштүрдүңүз?

— Эки жол бар. Айрымдарда ишкерлик жөндөм дээринен, адам рынокту туя билет, ага окуштун деле кажети жок. Андай жөндөмүм болбогондуктан, экинчи жолду тандап, атайын билим алдым.

© Фото / предоставлено Орозбеком КенжетаевымОрозбек Кенжетаев: ал маалда бир топ акча топтоп койгом, ошол чогулткан 105 миң доллардын баарын кыргызстандык 42 ишканага салдым. Көбү банкрот болуп калды, мындайча айтканда, бир күндө бардык тапканымды жоготтум.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Орозбек Кенжетаев: ал маалда бир топ акча топтоп койгом, ошол чогулткан 105 миң доллардын баарын кыргызстандык 42 ишканага салдым. Көбү банкрот болуп калды, мындайча айтканда, бир күндө бардык тапканымды жоготтум.

Ал жылдары КР президентинин алдындагы Эл аралык бизнес мектеби ачылган. Ага аймактардан гана балдарды кабыл алышчу, ал эми мен бир топ убакыттан бери баш калаада турчумун. Ошол мектепке кирүү үчүн Таласка кайтып, эки жыл жашадым. Текке кетти убактым, көрсө ал мектепке бишкектиктерди деле кабыл алышчу экен. Бизге Германия, Австрия, Голландия, АКШдан келген мыкты адистер сабак беришчү.

Кийин банк тармагына кеттим. Катардагы кызматкерден директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө чейин жеттим...

— АКШда да билим алган турбайсызбы?

Мастер по изготовлению кожаных изделий Улан Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Баары 150 сомдук булгары билериктен башталды... Жаш ишкердин маеги
— Ооба, Бостон университетинде окугам. Кошмо Штаттарга 2010-жылы кеткен элем. Алгач эле таптаза абасы таасир этти. Эл жыш жайгашкан Манхеттенде (Нью-Йорктун району — ред.) биздин жайлоолордогудай эле кере-кере дем алсаң болот. Түтүн жок, анткени ар бир автомобилде унаадан чыккан түтүндү тазалоочу катализатор орнотулган. Биздикилер америкалык машиналарды сатып алышканда ошол катализаторлорун чыгарып, өзүнчө сатышат, себеби алардын өзү кымбат.

— Билим боюнча эмне дейсиз? Америкада билим алуу кымбат турат деп угам.

— Ооба, анысы чын. Алтургай, университеттин алдындагы мамлекеттик колледжде 20 миң, менчик окуу жайда 50 миң доллар турат. Бирок студент окугусу келген предметтерин өзү тандайт. Америкалык студенттер чындап окушат, экзаменди кайрадан тапшырууга жөнөтүлгөндөрү дегеле эсимде жок.

© Фото / предоставлено Орозбеком КенжетаевымОрозбек Кенжетаев: америкалык студенттер чындап окушат, экзаменди кайрадан тапшырууга жөнөтүлгөндөрү дегеле эсимде жок.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Орозбек Кенжетаев: америкалык студенттер чындап окушат, экзаменди кайрадан тапшырууга жөнөтүлгөндөрү дегеле эсимде жок.

— Англия, Германия, Индия, Казакстан, Россия, АКШ өңдүү бир катар өлкөлөрдө болупсуз. Мекенге кайтып келе жатканда ойго эмне келет?

— Бишкекке кайтканда дароо эле самандан согулган үйлөрдү көрөсүң. Адамдар эч кандай документи жок курганы түшүнүктүү, ал эми мамлекеттик органдар буга кайдыгер. Анан да биздин борбор шаарыбыздын абасы начар...

— Шаарда ар бир экинчи кишинин машинасы бар, андыктан бул көйгөйдүн чыгышы түшүнүктүү го...

— Албетте, ал турулуу иш! Ким биздин маршруткаларга түшкүсү келсин?! Ичи жык, айдоочусу тамеки түтөткөн унаага киргенде эле киши: "Акча болору менен машина сатып албасам..." — деген ойго келет.

Мектепте мугалим болуп иштеген Нуржан Казакбаева - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Казакбаева: эмчектеги балам менен үйдө отуруп эле бизнес баштагам
Шаардык бийлик ушул көйгөйдү чечүүгө тийиш, антпесе Бишкектин абасы бузулгандан бузула берет. Коомдук транспорт линиясын тейлөөгө эмнеге тендер жарыялоого болбосун? Ар бир маршрутту аукционго коюп, транспортто 110дон кем эмес орун болууга тийиш деген милдеттүү талапты коюу керек. №113 маршрутканын мисалында карайлычы, ордуна азыр №35 автобус жүрүп калды.

Жүргүнчү ташуучулар автобус сатып алуунун жолдорун табат, ошондо маршрут өзүнөн өзү жоголот. Митинг же иш таштоолор болбойт, ошол эле жүргүнчү ташып жүргөндөр да сынакка катыша алат.

— Бирок Кыргызстанда автомобиль адамдын макамынын көрсөткүчү го. Айрым чөйрөлөрдө дурусураак жолтандабасыңыз болбосо, сизди адам катарында санашпайт.

— Чындыгында ошондой. 1993-жылдан бери машина айдайм. Кесипкөй банкирмин... Зобололуу инсан экендигимди мен да баарына далилдегим келген кезди да басып өткөм. Кымбат баалуу авто айдагам, бирок кайсы бир убакта анын баары маанилүү эмес экенин түшүндүм.

Кымбат унаа сатып аларың менен дароо акчаңды жоготосуң. Автосалондон аны айдап чыгарың менен баасы түшүп кетет. Өзүмдүн Bentley машинамды, жубайымдын унаасын сатып, жөө жүрүүнү чечкенбиз. Бул майда болсо да, экосистеманы куткарууга кошкон салымыбыз болсун дедик. Кээде коомдук транспортту колдонууга туура келет, бирок маршруткага түшпөйм, анан да троллейбус кыйла ыңгайлуу. Жаман жери — жакшы жүрбөгөнү, кээде аялдамада көп күтүп каласың.

© Sputnik / Табылды КадырбековОрозбек Кенжетаев: өзүмдүн Bentley машинамды, жубайымдын унаасын сатып, жөө жүрүүнү чечкенбиз. Бул майда болсо да, экосистеманы куткарууга кошкон салымыбыз болсун дедик.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Орозбек Кенжетаев: өзүмдүн Bentley машинамды, жубайымдын унаасын сатып, жөө жүрүүнү чечкенбиз. Бул майда болсо да, экосистеманы куткарууга кошкон салымыбыз болсун дедик.

— Жеке унаадан баш тартканы турмушуңуз кандай өзгөрдү?

— Башта ар жакка жөө бааруу кыйын болду, тез эле чарчай түшүп, буттарым шилтенбей калар эле. Бир жылда барып араң көндүм. Бизде жөө жүргүнчүлөргө бир топ кыйын, көчөлөр кир, түтүн, май жыттанат, атайын тилке да бардык жерде курулган эмес.

Тааныштарым ушундай кадамга барганыма алигиче ишене беришпейт. Баарын унаадан баш тартып, жөө жүрүүгө, куру дегенде электр же гибриддик автомобилдерге өтүүгө үгүттөп келем. Бир досум бул демилгебизди кубаттап, жолтандабасын короосуна токтотуп койду.

— Дасыккан финансистсиз, андан улам сиз менен акча тууралуу сүйлөшкүбүз келет. Азыр кыргызстандыктардын арасында бир схема кеңири тараган: "ашыкча" акча болору менен ижарага бериш үчүн батир сатып алышат.

Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит
— Акча табуунун мындай ыкмасы анчейин эмес. Кыймылсыз мүлк негизи эле саат механизминдеги бомба сымал. Бишкекте турак жайдын баасы 1998, 2003 жана 2014-жылдары өтө төмөндөп кеткен. Анан калса, жаңы турак жайдын сапаты да начар. Курулушчу катары да сыр бөлүшөйүн, мүчүлүштүктөр көп. Эгер норматив боюнча М-400 бетону көрсөтүлгөн болсо, бизде көбүнесе М-200, алтургай, М-150 бетонун пайдаланышат. Бул турак жайдын болочок тургундары үчүн абдан кооптуу.

— Эгер киши бизнестин тилин билбесе, топтогон акчасы араң шаардын чет жакасындагы бир бөлмөлүү батирге гана жетсе, каражатын кайсы багытка салса утат?

— Элдин көбү башка ыкмалардан эч кабары жок. Маселен, ошол эле баалуу кагаздарды сатып ала алат. Ооба, кайсы бир кезде мен дагы бул багыттан оозум күйгөн, бирок азыркы тапта рынок кыйла туруктуу.

Дивиденддери дурус компаниялар арбын, маселен, бир ишкана акцияларын 60 сомдон сатып, жылына ар бирине кайра 30 сомдон төлөп берет. Элестетиңиз, облигациялардын жылдык пайызы 16 пайызды түзөт. Аманатка караганда пайызы алда канча жогору. Биздин банктарда ушул тапта доллардык аманатка жылына 3 пайызга чейин кошулат, ал эми сом түрүндө орточо 8 пайыз. Бирок акча салуудан оболу компаниянын иши соңку үч жылда кандай жүргөнүнө, накталай акчасынын агымы кандай экенине жана менеджменти кандай ишке ашырыларына байкоо салып, талдап алган оң.

© Фото / предоставлено Орозбеком КенжетаевымОрозбек Кенжетаев: тааныштарым ушундай кадамга барганыма алигиче ишене беришпейт. Баарын унаадан баш тартып, жөө жүрүүгө, куру дегенде электр же гибриддик автомобилдерге өтүүгө үгүттөп келем.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Орозбек Кенжетаев: тааныштарым ушундай кадамга барганыма алигиче ишене беришпейт. Баарын унаадан баш тартып, жөө жүрүүгө, куру дегенде электр же гибриддик автомобилдерге өтүүгө үгүттөп келем.

— Кыргызстандыктардын баары эле накталай акчанын агымын баалай албаса керек. Банктарда акча сактоо коопсуз элеби? Бул эң эле жеңил ыкмасы го...

— Албетте, банктын иши солгундап кетпейт деп эч ким кепилдик бербейт. Кайдадыр акча салуудан мурун акционерлердин түзүмүн терең талдап чыгуу абзел. Түптөөчүлөр курамында эл аралык корпорациялар болсо, кеп башка. Эгер бир эле фамилия гана турса, анда ойлонуу керек. Эртең ал киши качып кетсе, ишке салган акчаңызды кайдан кайтара аласыз?

— Эмнеге Кыргызстанда насыялар мынча кымбат? Батышта аларды 1-2 пайыз менен беришет, ал эми бизде 25 пайызга чейин чыгат.

Бишкектик студент, ишкер Тилек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик ишкер аарынын үстүнө уктоону сунуштайт. Өзгөчө бизнес тууралуу маек
— Эл аралык рынокто Кыргызстанда бизнес жүргүзүү кыйла эле кооптуу деп эсептелет. Инвесторлорго биздин өлкөдө мыйзам талаптары сакталып, кырдаал туруктуу, ал эми соттор көз каранды болушу маанилүү. Тобокелдиктер көп болгон жерде акча кармалбайт, капитал сыртка агат. Ушундан улам насыялар кымбат.

Эгер биздин банк системабыздагы болгон активдерди бириктирсек, өтө эле аз сумма чыгат — орточо 3,2 миллиард доллар. Салыштырып көрсөк, Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда активи дал ушундай 3,2 миллиардды түзгөн банк бар. Жагдайдын мындай абалы өзүнөн өзү кооптуу. Экономикада амалкөй, тобокелчил, жемкор инвесторлор пайда боло баштайт. Мындай шартта бир гана жол бар — саясатты өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана экономика өр алат.

— Бирок бизде саясат ансыз деле тез алмашат, эгемендикке ээ болгондон бери эле эки революцияны баштан кечирдик…

— Акаев тарабынан куралган саясий чөйрө азыркы тушта да туруктуу бойдон келе жатат. Анда баягы эле кишилер, жаңыларды бийликке жолоткусу жок. Эми алардын бала-чакасы акырындап орун ээлей башташты.

Россия, АКШ, Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы окуу жайларын аяктаган бир топ адамды тааныйм. Алар мыкты адистер, өлкөгө эбегейсиз пайда алып келишмек. Тизмектеп чыгып сунуштап көрдүм, бирок эч бирин алышкан жок.

— Кыргызстандагы бизнестин эң башкы көйгөйү эмне?

— Менимче, салык жааты. Ишкерлер 12 пайыз кошумча нарк салыгы, пайда салыгы 10 пайыз, ушундай эле көлөмдө жеке киреше салыгына төлөйт. Мындан тышкары, бардык төлөмдөрдүн 27 пайыздан ашыгы Соцфондго кетет. Бажы төлөмдөрүн да унуткарбоо зарыл. Мунун баарына ишкердин ар убак эле чама-чаркы жетпейт, ошондуктан бизнес көмүскөгө качат.

Ар кандай баалоолор боюнча бүгүн экономикабыздын 24-60 пайызы көмүскөдө. Лаффер майнабы (эффектиси) деген бар, америкалык экономист Артур Лаффер салыктардын көлөмү белгилүү бир деңгээлден ашып кетсе, салык жыйымдарынын кыскарышына жана көмүскө экономиканын өсүшүнө алып келерин далилдеген.

© Sputnik / Табылды КадырбековОрозбек Кенжетаев: акыл-эстүү киши башкаларга кайдыгер карабайт, кол кабыш кылат, колунан келген жардамын аябайт. Биз жашоонун башкалар үчүн баасын аңдай билгенде гана өз өмүрүбүздү барктай алабыз.
Бир күндө 100 миң долларымды жоготтум... Бишкектик финансисттин маеги - Sputnik Кыргызстан
Орозбек Кенжетаев: акыл-эстүү киши башкаларга кайдыгер карабайт, кол кабыш кылат, колунан келген жардамын аябайт. Биз жашоонун башкалар үчүн баасын аңдай билгенде гана өз өмүрүбүздү барктай алабыз.

Бюджетке түшкөн каражат көлөмүн жогорулатуу үчүн салыкты көбөйтүп, инспекторлорду ишке алуунун кажети жок. Себеби бул да кубулуш эмеспи, салыкчылар канчалык арбын болсо, жемкорлук ошончолук гүлдөп-өсөт.

Кыргызстанда жагдай кандай? Инспектор базарга келип: "Эже, патент сатып албай эле коюңуз. Сизге кассалык аппараттын кереги жок, андан көрө мага эле акча берип коюңуз", – деп сунушташы мүмкүн. Адамдар иштин өңүтүн терең биле бербейт да, жемкорго акчасын карматат.

Бюджетти чындап толтуруу үчүн ишкерлик климатты жакшыртуу абзел. Тилекке каршы, азырынча инвесторлорду ынандыруунун бардык жолу кагаз жүзүндө гана калууда.

Кайсы бир убакта Кыргызстан өтө жакыр республикалардын катарында болчу, баары дотация эсебинен түзүлүп, борбордон каржыланчу. Бара-бара жакырлыкты жоё алдык, бирок мажүрөө адаттарыбыздан кутулуу оголе татаал.

Коом бир нерсени түшүнүшү керек: эгер адам ийгиликти багындыра алса, андан ары өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Эртеби-кечпи ал башкалар үчүн болгон жоопкерчилигин сезер мезгил келет. Акыл-эстүү киши башкаларга кайдыгер карабайт, кол кабыш кылат, колунан келген жардамын аябайт. Биз жашоонун башкалар үчүн баасын аңдай билгенде гана өз өмүрүбүздү барктай алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0