Жээнбеков: чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керек

Жазылуу
Кыргызстандын президенти мындай окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезгич болуп калганын кошумчалаганы айтылды.

"Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы көп кылымдан берки достугу болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду, — деген Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти мындай окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин кошумчалаган.

"Кыргызстандын президенти биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин баса белгиледи", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү зарылдыгына өзгөчө токтолгон.

Чек ара чыры

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Председатель ГПС КР Уларбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шаршеев: быйыл кыргыз-тажик чек арасында 13 чыр-чатак катталды
Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен телефон аркылуу 10-январга караган түнү кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча маселени талкуулаган

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Аны менен бирге эле Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0