Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таджикистан
Страны мира. Таджикистан  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби, жекшемби күндөрү Кыргызстандын аймагындагы жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ишемби күнү кээ бир тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

11-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу
Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус жылуу болушу ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9 градус суук болушу ыктымал. Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус жылуу болору айтылды.

12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Чүйдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус жылуу болушу ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 1...6 градуска чамалап барат. Нарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...-8 градус суук болушу ыктымал. Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0