Avia Traffic Бишкек — Стамбул каттамын убактылуу токтотту

© Sputnik / Жоомарт УраимовСайт компании Avia Traffic
Сайт компании Avia Traffic - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Avia Traffic — эл аралык каттамдарды аткарган атамекендик жалгыз компания. Ал эми Air Manas менен TEZ JET өлкө ичинде гана учушат.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Avia Traffic компаниясы Бишкек — Стамбул (Түркия) каттамын март айынын аягына чейин токтотту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине компаниянын Бишкектеги кеңсесинен тастыкташты.

Белгилей кетсек, компания Бишкек — Стамбул багыты боюнча билет сатпай жаткандыгы тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышкан.

Мындан улам редакция Avia Traffic компаниясына каттамдын аткарылбай жаткандыгынын себебин билүү үчүн кайрылды.

"Марттын аягына чейин учууларды токтоттук. Андан кийин балким каттам жаңыланат, бардыгын убакыт көрсөтөт", — деди өкүл.

Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп
Бирок ал буга эмне себеп болгонун түшүндүргөн жок. Аталган компания Стамбулга жумасына эки ирет уччу.

Эске салсак, Avia Traffic — эл аралык каттамдарды аткарган атамекендик жалгыз компания. Ал эми Air Manas жана TEZ JET компаниялары өлкө ичинде гана учушат.

Эми Бишкектен Стамбул шаарына ушул тапта түркиялык Turkish Airlines жана Pegasus Airlines компаниялары гана каттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0