Кумтөрдө жоголгон жумушчулар 40 күндөн бери табылбагандыктан издөө токтотулду

© Фото / пресс-служба МЧС КРКумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери. Архив
Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчкү алдында калган "Кумтөрдүн" жумушчуларын издөө иштерин токтотууга туугандары макулдугун бергени маалымдалды.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери токтотулду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жоголгон жумушчулардын туугандары издөө иштерин токтотууга макулдугун беришти.

"Изделип жаткан жумушчулардын туугандары жана "Кумтөр Голд Компани" компаниясы ишти токтотууга макул болушту. Куткаруучулар кечээ, 9-январда, кечинде өз ордуларына кайтып келишти", — дешти ӨКМден.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
4 баланын атасы... Кумтөрдө изделип жаткандар тууралуу маалымат айтылды
Кырсыкка кабылган "Кумтөр" компаниясынын жумушчулары Өмүрбек Ишенбеков 35 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынан, акыркы кезде Бишкекте жашап жаткан. Тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн мастери болгон. Ал эми Жолдошбек Жунушев 47 жашта, ал Тоң районунун Темир-Канат айылынан. Бульдозердин машинисти болуп эмгектенип келген.

Аларды өткөн жылдын 1-декабрында саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп басып калган. Үйүлгөн жараксыз катмардын узундугу 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метрге жетип, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр кубду түзгөн.

Кендин ачык жерлеринде иш токтоп, ӨКМден 94 куткаруучу, кинологдор жана альпинисттер издөө иштерине катышкан. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 40 техникасы тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0