Бишкектеги үйүнөн качып кеткен кызды Сокулуктагы мечитке алып келишти

© AFP / PETER STEFFEN / DPAМечиттеги аялдар. Архив
Мечиттеги аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аминаны энеси Кыргызстанга, Ысык-Көлгө дарылатуу үчүн алып келген. Аял таза аба кызын шизофрениядан арылтат деп үмүттөнгөндүгүн айткан.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкектеги үйүнөн качып кеткен 25 жаштагы Амина Межахедди Сокулуктагы мечитке алып келишти. Бул туурасында Сокулук райондук милициясынан билдиришти.

7-январда саат 23:00дө кыз энесинен ачкычты уурдап алып, Ибраимов-Москва көчөлөрүндөгү үйүнөн качып чыккан.

“Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Амина такси токтотуп алып, жакын жердеги мечитке алып баруусун суранган. Таксист аны айткан жерине жеткирген. Кыз үшүп калыптыр, бирок баары жайында”, - деп айтышты милициядан.

Кыз шизофрения илдетине чалдыккан. Аминанын энеси Кыргызстан жараны, Россияда жашайт. Ал кызын Кыргызстанга Ысык-Көлгө дарылатуу максатында алып келген. Энеси көлдүн таза абасы кызын илдеттен айыктырат деп ишеним арткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0