Ошто Ак-Бууранын жээги бекемделип, көрктөндүрүлмөй болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЭскиз по улучшению берега реки Ак-Буура в Оше
Эскиз по улучшению берега реки Ак-Буура в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо адамдар жүрүүчү жол, веложол, түнкү жарыктандыруу, көпүрө жана эс алуучу жайлар каралган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер тилкелерин тактоо жана куруу иштери боюнча жыйын өттү. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Жыйында вице-мэр Жасур Азимов жумушчу топтун маалыматтарын угуп, мэрдин койгон тапшырмалары боюнча айткан. 

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер тилкелерин тактоо жана куруу иштери боюнча жыйын өттү
Ошто Ак-Бууранын жээги бекемделип, көрктөндүрүлмөй болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын мэриясында Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер тилкелерин тактоо жана куруу иштери боюнча жыйын өттү

Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Биринчи этабында 1300 метр, экинчи этабында 1600, үчүнчү этабында 2500 метри оңдолот.

"Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо тротуарлар, веложол, түнкү жарыктандыруу, көпүрө жана эс алуучу жайлар каралган. Биринчи кезекте дарыянын жээги таштар менен бекемделет", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин кыдырып чыгып, көрктөндүрүү, оңдоо жана мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0