03:38 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
952 0 0

Юлия Анищенко 2-январь күнү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Аял Токмокко баратканда уюлдук телефону жана паспорту салынган сумкасын жоготуп алганын айтып берген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Дайынсыз жоголуп кеткен 45 жаштагы Юлия Анищенко табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди.

Ал 2-январь күнү Бишкектеги үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

"Токмокко баратканда ичинде уюлдук телефону, паспорту жана акчасы салынган сумкасын уурдатып жиберген. Ал баштыгын өз алдынча издегенге аракет кылып, таппай койгон. Юлияны ал тууралуу жоголуп кетти деген маалыматты окугандар таап, байланышканга жардам беришти. Бүгүн аны үйгө алып кеттик", — деди тууганы.

Алар Юлия Анищенкого таандык паспортту жана телефонду таап алгандар болсо кайтарып берүүнү суранды.

Тема боюнча

Ош: көчөдөн табылган 2 жашар кыздын ата-энеси бир жумадан бери изделүүдө
Белгилер:
аял, издөө, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ