Бишкектин сегиз кесилишине жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыяланды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОсмотр светофора в Москве
Осмотр светофора в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жол чырактар ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын монтаж-эксплуатациялык башкармалыгынын балансына өткөрүп берилет.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы сегиз кесилишке жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыялады.

Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 100 миң 488 сом каралган. Тендерге катышуу үчүн арыздар 16-январга чейин кабыл алынат.

Жол чырактар орнотула турган кесилиштер:

  • Щербаков менен Орозбеков;
  • Ауэзов менен Көлбаев;
  • Садыгалиев менен Жамгырчинов;
  • Дэн Сяопин менен Костанай;
  • Асаналиев менен Алтымышев;
  • Махатма Ганди көчөсү, ИСИТОнун маңдайы;
  • 7-апрель көчөсү, Улан-2 кичирайонунун каршысы;
  • №4 кичирайону, №17 мектептин жаны.
Жаңылыктар түрмөгү
0