Шашылыш билдирүү! Бишкек жана Чүйгө коюу туман түшөт

Жазылуу
Тумандын натыйжасында көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин гана жеткендиктен, ӨКМ айдоочуларды сак болууга чакырат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бир саат аралыгында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарына коюу туман түшөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Туман күнү бою турары күтүлүүдө.

Мындан улам көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин гана жеткендиктен, ӨКМ айдоочуларды сак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0