"Акылдуу" эсептегичтер элди алдап жатабы? "Түндүк электр" ишканасынын жообу

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүЭсептегич. Архив
Эсептегич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Facebook жана башка тармактарда үч эсе көп акчаны көрсөтүү үчүн "акылдуу" эсептегичтерди башкарса болот деген маалымат тараган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы социалдык тармактарда "акылдуу" эсептегичтер элди алдап, үч эсе көп акча алдырып жатат деген маалыматты четке какты.

Районная тепловая станция Чертаново - Sputnik Кыргызстан
Майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштейт
Буга чейин Facebook жана башка тармактарда үч эсе көп акчаны көрсөтүү үчүн "акылдуу" эсептегичтерди башкарса болот деген маалымат тараган. Посттордун авторлору муну текшерүү үчүн сертификациядан өткөн башка эсептегичти сатып алып, экөөнү салыштырып көрүүнү сунуштаган.

"Түндүк электр" ишканасынан бардык эсептегичтер Мамлекеттик стандарт ишканасынан сертификациядан өтүп, эл аралык талаптарга жооп берерин айтышты.

"Кичинекей кемчилик болсо дагы бул биринчи кезекте аны өндүргөн ишкананын беделине шек келтирет. Андыктан бардык өлкөлөрдө аппараттар тиешелүү органдар тарабынан текшерилип турат", — деп айтышты компаниядан.

Маалыматта "акылдуу" эсептегичтер коюлган соң Бакай-Ата, Кара-Жыгач жана Көк-Жар конуштарында текшерүү жүргүзүлүп, электр энергиясын жоготуу 20 пайыздан 10 пайызга чейин түшкөнү далилденгени кабарланат.

"Мурда колдонуучулар электр энергиясын белгиленгенден дагы көбүрөөк колдонуп салышчу. Азыркы эсептегичтердин жардамы менен буга чек коюлду. Ошондой эле ал аркылуу абоненттин жарыгын алыста туруп өчүрүп жана кайра кошуп коюуга болот", — деп айтылат билдирүүдө.

"Акылдуу" эсептегичтер Кыргызстанга 2012-жылдан баштап коюла баштады. Аны адистер алыстан карап тура алышат. Ошондой эле эсептегич электр компаниясына көрсөткүчтү өзү жөнөтүп кое алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0