Абдыгулов Улуттук банк былтыр канча киреше тапканын айтты

Жазылуу
Мамлекет башчысы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын, банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта резерви акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетти. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтты.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, жолугушуу 6-январда болгон. Абдыгулов президентке Улуттук банктын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

"2019-жыл өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүч менен аяктады. Жыл жыйынтыгы боюнча банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11 пайызга жогорулады. Насыялык портфель жана депозиттик база 15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялык портфелдин долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип, 2 миллиард 417 миллион долларды түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 миллиард 560 миллион сомду түздү", — деди Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, негизинен көбөйүү улуттук валютада берилген насыялар боюнча байкалууда. Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы жеткиликтүү пайыздык чен менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик кызматкерлерди колдоого багытталган "Керемет Банк" ААКнын "Социалдык ипотека" насыялык долбоору жөнүндө айтып берди.

2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин "Керемет Банк" жалпы суммасы 1 054,2 миллион сомго 723 насыя бөлүп берген. 2019-жылдын ноябрынан баштап бул насыялык долбоор боюнча финансылык ресурстар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилүүдө. "Социалдык ипотека" долбоорунун алкагында "Керемет Банк" ААКсы 2020-жылы 1 миллиард 200 миллион сомго насыя берүүнү пландаштырууда.

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар арзандай баштады
Мамлекет башчысы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын, банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандыктарга ашыкча бюрократиясыз кредиттик каражат берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатуучу "Түндүк" электрондук системасына коммерциялык банктардын тезирээк кошулуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Жээнбеков туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, төлөм системаларын, санарип валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртуу, ошондой эле финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0