Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Эл Аралык Университети кышында. Архив
Кыргызстандын Эл Аралык Университети кышында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 6-январда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +1…+6, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө -1…+4 градус жылыйт. Ал эми Нарын жергесинде -6...-11 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +3...+5 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0