Ат-Башынын Казыбегинде муз аянтчасы ачылып, хоккей боюнча турнир өттү. Сүрөттөр

© Фото / Руслан ДокоевТурнир по хоккею в селе Казыбек Ат-Башинского района
Турнир по хоккею в селе Казыбек Ат-Башинского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муз үстүнө Жумгал, Нарын жана Ат-Башы райондорунан түзүлгөн хоккей командалары чыгып, күч сынашты.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында хоккей боюнча облустук турнир өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Казыбек айыл өкмөтүнүн өкүлү Руслан Дөкөев билдирди.

Турнир 4-январда болуп, ага Жумгал районунун "Миң-Куш", Нарын районунун "Нарын" жана Ат-Башы районунун "Талды-Суу", "Ак-Муз", "Казыбек" командалары катышкан. 

© Фото / Руслан ДокоевАт-Башынын Казыбегинде муз аянтчасы ачылды
Ат-Башынын Казыбегинде муз аянтчасы ачылып, хоккей боюнча турнир өттү. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башынын Казыбегинде муз аянтчасы ачылды
"Казыбек айылында экинчи муз аянтчасы ачылып, ага айылдын ардактуу тургуну Токтобай Шаршен уулунун ысымы ыйгарылды. Бул күнү алгач аянтчанын ачылыш аземи болуп, андан кийин облустук турнир менен уланды", — деди Дөкөев.

Анын жыйынтыгында биринчи орунду "Миң-Куш" командасы (10 000 сом) алып, экинчи орунду "Казыбек" (5000 сом), үчүнчү орунду "Нарын" командасы (3000 сом) ээледи. Мындан сырткары, хоккейчилер кубок, диплом жана медалдар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0