Чүйдүн медиаборборуна жетекчи издеп жатышат. Талаптар

Жазылуу
Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүү жана маалымат борборун камтыган мультимедиалык борбор. Ал облустагы бардык алты районду камтыйт.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Чүй облустук медиаборборун башкара турган жетекчилик орунга документтер кабыл алынып жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүү жана маалымат борборун камтыган мультимедиалык борбор. Ал облустагы бардык алты районду камтыйт. Ар бир райондо экиден кабарчы иштемекчи.

Буга чейин Маданият министрлиги мындай борборлор аймактык ЖМКлардын ордуна ачыла турганын кабарлаган.

Жетекчи болом деген талапкерлерге коюлган талаптар:

— Жогорку кесиптик билим;

— Эмгек тажрыйбасы жети жылдан кем болбошу керек;

— Башкаруучулук кызматтарда иштеген тажрыйбасы беш жылдан кем болбоого тийиш;

— Маалымат айдыңында иштеген тажрыйбасы беш жылдан кем эмес болушу шарт.

Бул кызматка келем дегендер төмөнкү документтерди даярдап, көрсөтүшү зарыл:

— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн дипломдун көчүрмөсү;

— жеке баракча;

— резюме;

— автобиография;

— нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү;

— паспорттун көчүрмөсү;

Мындан сырткары, сертификаттарынын көчүрмөсү жана сунуштама катын көрсөтсө болот. Көп тил билсе андан жакшы. Бул кызматты көксөгөндөр Чүй облустук медиаборбордун ишмердүүлүгүн жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча концепция даярдап келиши зарыл (презентация сыяктуу).

Арыздар 8-январь 18:00гө чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78. Байланыш телефондору -  62-36-39.

Жаңылыктар түрмөгү
0