Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов камактан чыкты. Себеби

© Фото / пресс-служба ЕЭККоррупция боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов. Архив
Коррупция боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финполдун маалыматында, Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Коррупция боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 2019-жылдын 30-декабрында үй камагына чыгарылган.

Анын жактоочусу Бакыт Осмоналиевдин айтымында, Октябрь райондук соту Жунусовду ден соолугуна карап чыгарган. Буга чейин ал инсульт алган болчу.

"Анын инсульт алганы көпчүлүккө маалым. Ден соолугуна байланыштуу ал соттук жыйындарга катыша алган жок", — деди жактоочусу.

Осмоналиев бажы кызматынын мурдагы төрагасынын иши боюнча мамлекетке келтирилген чыгымдын 33 миллион сому кайтарылганын кошумчалады.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суу кече качкан, арак ичип отуруп пара алган аткаминерлердин иши эмне болду
"Бухгалтер-экономикалык комиссиянын экспертизасы Жунусов мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирген деп көрсөткөн. Бирок тергөө 61 миллион сом экенин тактады. Азыркы тапта бул каражаттын 33 миллион сому мамлекетке кайтарылып берилди. Аны Адамкул Жунусовдун жардамы менен "Айхан" фирмасы төлөдү. Бирок Жунусовдун келтирген чыгымын кандайча бул компания төлөп бергенин айта албайм", — деди Осмоналиев.

Жактоочу Жунусовду үй камагына эмне себептен Октябрь райондук соту чыгарганын да түшүндүрүп берди.

"Адамкул Жунусовдун баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту тандаган. Анткени аны кармаган Финпол ушул районго карайт. Ал эми мыйзам бузуу фактысы Бажы кызматында болгон, ошондуктан андан аркы ишти карап чыгуу Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген", — деди жактоочу.

Октябрь райсоту менен укук коргоо органдары аталган маалыматты азырынча тастыктай элек.

Эске салсак, Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов Бакудагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кармалган.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, издөөгө алынган.

Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видеоо - Sputnik Кыргызстан
Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видео
Жунусов Кыргызстандан качып кеткенден кийин АКШда жашынып жүрүп, 2018-жылдын декабрында Бакуга келген. Кийин Азербайжандын соттук органдары аны камакка алып, экстрадициялоо боюнча санкцияны кабыл алып, Кыргызстанга өткөрүп берген.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0