03:29 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
74 0 0

Министрлик жарандардан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарыгерлердин багыттамасы же Тез жардам кызматынын линиясы менен гана барууну суранат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкекте бейтапканалар 1-январдан 7-январга чейин созулган майрам күндөрү дем алышы жок иштейт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) эпидемиялык убагында ооруканага кайрылгандардын саны арбын болгонуна байланыштуу министрлик бейтаптарды жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну өтүнөт.

"Инфекциялык илдеттерден алыс болуу үчүн Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарыгерлердин багыттамасы же болбосо Тез жардам кызматынын линиясы менен гана барууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкектеги бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштөөдө. Ишемби, жекшемби күндөрү да саат 08:00дөн 18:00гө чейин стационарлар иштейт. Андан сырткары, 103, 18-33 номерлерине күн-түн дебей чалып, кеңеш алса болот.

Тема боюнча

Грипп аялдарга караганда эркектерди эмне үчүн дароо төшөккө жыгары айтылды
Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз
Белгилер:
оору, дем алыш, майрам, бейтапкана, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ