Президенттин сайты эмнеге иштебей жатат? Аппараттын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштөө. Архив
Компьютерде иштөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдардын жана президенттин сайттары жыл жаңыргандан бери иштебей турган. Өкмөт өкүлдөрү анын себебин түшүндүрүштү.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Өлкө башчынын сайты башка интернет-провайдерлерде, анын ичинде мобилдик интернетте эмне себептен ачылбай жатканын президенттин аппараты түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, 2-январда иштебей калган президенттин расмий сайты оңолду. Учурда ал толугу менен иштеп жатат.

"Башка интернет-провайдерлерде азыркыга чейин DNS-жазып алуулар жаңылана элек. Ошол себептен president.kg сайты аларда ачылбай жатат", — дешти аппараттан.

Эске салсак, жыл жаңырары менен президенттин жана gov доменине караштуу бир катар мамлекеттик органдардын сайттары ачылбай калган. 

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ар бир жылдын башында аталган доменде иш жүрөт, учурда сайттар иштей баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0