Эс алам десеңиз... Адис бала менен саякаттоо жол-жобосун айтып берди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Монголия
Страны мира. Монголия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис балдар менен чет өлкөгө саякаттоону каалаган ата-энелерге бир катар пайдалуу кеңештерин айтты.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бала менен саякатка чыкканда убарасы жок эс алуу жолдорун россиялык балдар психологу, саякатчы жана көп балалуу эне Екатерина Бурмистрова айтып берди. Анын сөздөрүнө таянып РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, эң негизги эреже — бардык нерсеге алдын ала даярдануу зарыл.

— Бала менен чет өлкөдө эс алууну каалаган ата-эне эң алгач медициналык камсыздандыруу документтерин ырастап алганы туура. Мындан тышкары, бара турган өлкөдө ооруканалар, алардын шарттары, чет элдиктерге кызмат көрсөтүү ыкмалары боюнча маалымат алыңыз. Анан албетте, ич оору, баш оору, тиш оору сыяктуу болуп кала турган илдеттерге каршы дары-дармектерди унутпаңыз.

— Баланын жаңы шартка көнүү жөндөмүн эске алыңыз. Мисалы, кышкысын ысык өлкөлөргө учтуңар деп коелу. Балага жаңы климат, жаңы тамак-ашка көнүү үчүн бери дегенде 3-4 күн талап кылынат. Эгер бир апталык эс алууга барсаңар, ары жагында эки күнүңүз калат. Муну эске алыңыз.

Пляж на одном из Мальдивских островов - Sputnik Кыргызстан
Google саякат үчүн туристтер кайсы жерлерди көп издерин тизмектеди
— 4-5 жаштан өткөн бала болсо аны менен алдын ала сүйлөшүп алган туура. Мисалы, ал кандай өлкөгө барат, кандай оюндарды ойной алат, мейманканада көңүл ача турган кандай программалар бар.

— Чоңдор арасында дагы милдеттер бөлүштүрүлүшү керек. Мисалы, ким жүккө жоопкерчиликтүү, балдардын эң кичүүсүн ким карайт деген сыяктуу. Ушул сыяктуу милдеттер үйдүн улуу балдарына дагы жүктөлүшү керек.

— Мүмкүн болушунча учакта бала-чакалуулардын жанына отурууга аракет кылыңыз. Кичине баланын ыйлаганын, чыргоологонун ошолор гана жакшы түшүнөт. Кыскасы, баарыңарга бирдей ыңгайлуу болот.

— Эс алуучу жайды тандап жатканда балдарга кандай шарттар бар экенине тыкыр көңүл буруңуз. Оюн зоналары, аниматорлор кандай иштээринен маалымат алыңыз. Анткени ал өлкөнүн тарыхый жайларын, көз жоосун алган жаратылышын көргөнү сиз бара жатасыз, балага анын эч кызыгы жок. Ага оюн болсо болду.

— Бала менен чыкканда жөө кыдыра турган экскурсиялардын санын азайтууга аракет кылыңыз. Анткени бала сиз каалаган аралыкты басып өтө албайт, чарчайт же тажайт. Болбой эле кыдыргыңыз келсе, кичирээк балдарга коляска алып алган туура.

— Саякатка өзүңүз кандай даярдансаңыз, баланы дагы дал ошондой камдоо керек. Азыр интернетте саякаттоо эрежелери, учакта, аэропортто өзүн-өзү алып жүрүү маданияты боюнча видео-сабактар абдан көп. Аларды балага көрсөтүп коюңуз, үйрөнүп алсын.

Жаңылыктар түрмөгү
0