Путин Жээнбековду жана кыргыз элин куттуктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Владимир Путин поздравляет россиян с наступающим Новым годом
Премьер-министр РФ Владимир Путин поздравляет россиян с наступающим Новым годом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куттуктоодо Путин Россиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган 2020-жылы бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумуштар уланаарына ишеним арткан.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду жана жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Путин өз сөзүндө кыргыз-россиялык өнөктөштүк жана союздаштык үчүн көп иштер аткарылганын белгилеген.

"Сизге, Сооронбай Шарипович, Сиздин жакындарыңызга жана үй-бүлөңүзгө бекем ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык жана бакубатчылык каалайм", — деп айтылат телеграммада.

Мындан тышкары, куттуктоодо Россиянын жана Кыргызстандын кайчылаш жылы деп жарыяланган 2020-жылы бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жумуштар улантылаарына ишеним арткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0