Жаңы жылдагы эс алуу күндөрү мэрия жетекчилери иште болот

Жазылуу
Мэрия жаңы жылдагы дем алыштарга жана майрам күндөрдөгү аба ырайынын өзгөрүп кетишине даяр турары айтылды. Вице-мэрлер башкалардай болуп 5-6 күн эс албай турганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек башчысы Азиз Суракматов вице-мэрлерге, шаардагы кызмат башчыларына жана жооптуу жетекчилерге жаңы жылдагы эс алуу күндөрү — 1-7-январда иште болуш керектигин айтты.

Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милиция бүгүнтөн тарта Бишкектин 4 районунда тең иштей баштады
Турак жай коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэр Мирлан Амантуров планеркада бардык чарбалык кызматтар — көчө шыпыргандар, жүктөөчүлөр, мастерлер кадимкидей эле иштээрин айтты. Ал эми атайын техникалар менен туз, кум аба ырайы бузулуп кетсе даяр экендигин кошумчалады.

Шаардык транспорттун кыймылына жооптуу вице-мэр Азиз Алымкулов автобустар, троллейбустар жана маршруткалар күчөтүлгөн тартипте иштеп, ал эми жаңы жыл түнүндө атайын расписание менен иштээрин айтты.

Социалдык маселелерге жооп берген вице-мэр Татьяна Кузнецова жаңы жылдын түнүндө концерттик программа болорун айтып, фейерверк атыларын, бирок ал экологияга зыян келтирбей турган бийиктикте атыларын кошумчалады.

Суракматов тартип коргоо органдарына калаадагы тартипти сактоого, өзгөчө адамдар көп чогулган жерге көңүл буруусун талап кылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0