Кайгуул милиция бүгүнтөн тарта Бишкектин 4 районунда тең иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрисвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека
Присвоение звания младшего лейтенанта 20 сотрудникам службы Мобильного батальона 102 в ГУВД Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 31-августунда Кайгуул милициясы ишке киргизилип, Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштеп жаткан.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Бишкектин төрт районунда тең Кайгуул милиция иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, борбор калаада 31-октябрдан тарта Кайгуул милициясы расмий түрдө ишке киришип, Биринчи май жана Свердлов райондорун тескей баштаган.

"Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери экинчи этап аркылуу бүтүп келген кызматкерлер менен толукталды. Алар бүгүнтөн баштап Бишкек шаарынын төрт району боюнча коомдук тартипке, коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл кылышат. Коомдук жайларда жарандардын кайрылуусуна жооп берүү менен бирге 102 байланышы боюнча түшкөн чакырууларга реакция жасайт", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлеринин жаңы жыл майрамында күчөтүлгөн тартипте иштей турганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0