Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / Vyacheslav OSELEDKO Церемония зажжения главной елки КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Церемония зажжения главной елки КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 31-декабрда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +2…+7, Ысык-Көл аймагында +1…+6 градус жылуу, ал эми Нарында -5...-10 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында жамгыр, кар жаайт. Борборубузда +2…+4, Ошто +5…+7 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0