Президент КР эл артисти наамын Максутов баштаган беш адамга ыйгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр культуры Алтынбек Максутов.
Министр культуры Алтынбек Максутов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардактуу наам беш артистке ыйгарылды. Алардын арасында өлкөдө эмгектенип жүргөн режиссёр, ырчы, балет бийчиси бар.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын эл артисти" деген ардактуу наамын беш адамга ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Алардын арасында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кɵркɵм жетекчиси, Көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүгүн койгон режиссёр Алтынбек Максутов бар.

Калган төрт артист төмөнкүлөр:

  • Майрам Дүйшөкеева — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын солисти;
  • Нурланбек Нышанов — Бишкек шаарынын "Устат-шакирт плюс" коомдук фондунун салттуу музыка борборунун көркөм жетекчиси;
  • Айзада Тумакова — Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисти, сахнанын алдыңкы чебери, балетмейстер-коюучу;
  • Эгемберди Чалабаев — Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссёру;
Жаңылыктар түрмөгү
0