23:36 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)
141110

Бул залкар инсан Болот Шамшиевдин акыркы маеги болуп калды. Айтылуу режиссерду студиябызга чакырганда мындан ары көрүшпөй турганыбызды аңдабаптырбыз...

Болот агай менен тарткан тасмаларын ийне-жибине чейин талкуулап, көшөгө артында калган ирмемдерди сүйлөшсөк дегенбиз. Экинчи ирет чакырганда режиссер "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" ("Касиеттүү Ысык-Көл") тасмасынын тарыхы, тартылуусу, актердук курамы тууралуу айтып берген болчу. Алдыда көп пландар бар эле. Оюбузду жаңыдан ишке ашыра баштаганда онтоткон оору акыры алып тынды. Экинчи өмүрү башталган Болот Шамшиевдин элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев тарткан "Касиеттүү Ысык-Көл" тасмасында 1917-жылдагы Октябрь революциясынын чачылган кыргыз элине жашоо бергени жөнүндө баяндалат. Ошол эле убакта жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана нааразы болгон эки агымдын күрөшү көрсөтүлөт. 29 жаштагы Шамшиев ушул тасманы тартаар алдында архивден тарыхый материалдарды окуп чыгып, 1920-жылдары жарандык согушка катышкан ардагерлер менен маектешкен. Мындан сырткары, ал кыргыздын нукура улуттук философиясын көрсөтүүгө жетишкен. Белгилүү советтик жана россиялык чыгыш таануучу Владимир Пластун "Касиеттүү Ысык-Көл" көркөм тасмасындагы акыркы эпизоддо Ысык-Көлдүн боюна кайтып келген кандаштарыбыздын даарат алган эпизодун көрүп, Шамшиев атеисттик көз караш өкүм сүрүп турганда кыргыздар мусулманчылыктын суннит агымын карманарын бир кадр менен көрсөткөн деп жогорку баасын берген.

Болот Шамшиевдин акыркы маеги

— "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" көркөм фильминин сценарийин ким жазды эле?

— 1927-жылы советтик жазуучу Александр Сытин "Тянь-Шандын аткезчилери" аттуу роман жазган. Анын негизинде Юрий Сокол "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминин сценарийин жазган экен. Ал украиналык жазуучу Василий Соколдун уулу жана "Күндүн ысыктыгы" фильминин оператору болчу. Ошондуктан титрде сценарийдин автору катары экөө жазылып калган. Бирок бул сценарийди мен толугу менен кайра оңдоп чыккам. Ал эми фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков жазган. Жакыпбеков абдан дасыккан котормочу эле. Тилекке каршы, Ашым агайдын көп эмгектери бааланбай калды. Тасма орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп калган. Тасманын расмий аталышы — "Касиеттүү Ысык-Көл".

— Бул фильмди тартуу идеясы кандайча жаралган?

— Тасманы 1970-жылы тарта баштадым. Ал "Караш-Караш окуясы" фильминин уландысы. 1916-жылы кыргыздар орус падышасына каршы көтөрүлүп, жеңилип калган. Эгерде 1917-жылы орус эли Октябрь революциясын жасабаса, анда кыргыз калкы тарыхый аренадан толугу менен жоголмок, элибиз тукум курут боло жаздаган. 1925-жылга чейин Ата Мекенинде кыргыздар ээн-эркин жүрө албай калган. Кытайдан Ата Журтуна кайтып келген боордошторбузду бир-бирден кармап өлтүргөн фактыларды архивден карап, таап чыктым.

— Ойлогон, пландаган нерсеңиздин баарын ишке ашыра алдыңызбы?

— 30 пайызын гана. Соколдун сценарийинде Карабалта деген башкы оң каарман жок болчу. Мен анын образын сценарийге киргизүүдө тарыхый маалыматтарга таянгам. Мындан сырткары, фильмдеги Байзак менен Карабалтанын күрөшүнүн негизинде ошол учурдагы кыргыз саясатындагы эки агымдын ортосундагы карама-каршылыкты көрсөткүм келген. Себеби ал учурда коомчулугубуздун бир бөлүгү жаңы Совет өкмөтүнүн саясатына каршы болду. Ал эми экинчи тарап Лениндин саясатын чын жүрөктөн кабыл алды. Элибиздин башына түшкөн мүшкүл тууралуу жазуучубуз Мукай Элебаев "Бороондуу күн" чыгармасында чагылдырган. Элебаевдин чыгармасына таянып режиссер Мелис Убукеев "Тайгак кечүү" фильмин тарткан. Бирок Мелистин бул фильми цензурага кабылып, көп нерсеси алып салынган. Демек орус калкынын башчысы Владимир Ильич кыргыз элин сактап калды. Большевиктер кыргыздарга эркиндик алып келди. Мен "Касиеттүү Көл" фильминин сценарийине Мухтар Ауэзовдун "Кыйын заман", "Мукай Элебаевдин "Бороондуу күн" чыгармалары жана Мелис Убукеевдин "Тайгак кечүү" фильминен тарыхый фактылар менен көркөм образдарды чогултуп кошком.

Ауэзов менен байланыштуу дагы бир кызыктуу фактыны айта кетейин. Бир казак окумуштуу илгертеден бери Казакстанда жашаган кыргыз уруулары тууралуу макала жазган. Анда солто тайпасынын бир бөлүгү Мухтар агабыздын кичи мекени Семей аймагында жашаганы жөнүндө маалымат берет. Ауэзов ушул тарыхый факт жөнүндө жакшы билген. Мындан сырткары, 1920-жылдары Ысык-Көл кылаасында белгилүү басмачылар эки бир тууган Жантай менен Жакшылыктын да образдарын кошком. Алар Сары-Жаз өрөөнүндөгү Көйкап капчыгайында өз алдынча Кыргыз Республикасын түптөдүк деп жарыялап, Совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Булардын карамагында эки миң түтүн болгон экен. Бирок Совет бийлиги Жантай менен Жакшылыктын козголоңун талкалаган. Мага ушул жогоруда айтылган эки басмачы тууралуу булардын козголоңун талкалаганга катышкан орус улутундагы ардагер чек арачы айтып берген.

— Башкы ролдорго Советбек Жумадылов, Елүбай Умурзаков жана Борис Химичев сыяктуу артисттер тартылган. Актерлорду тандоо кандайча болду?

— "Касиеттүү Ысык-Көл " көркөм тасмасында бардык артисттер мыкты ойноду. Биринчи ирет Елүбай аганы бала кезимде "Амангелди" аттуу алгачкы казак көркөм тасмасы Фрунзе шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлгөндө көргөм. Ал учурда борбордо бир эле кинотеатр бар эле. Аябай жактыргам.

"Касиеттүү Ысык-Көл" көркөм тасмасын тартып баштаганда Елүбай аганы чакырдым. Жолукканда ага бир сөз айтпастан эң башкы каарман Калмат тууралуу жазылган эпизодду бердим. Андан кийин репетицияга өттүк, ал унчукпастан отура берди. Адегенде түшүнгөн жокмун. Жарым сааттан кийин башка кыргыз актерлер Умурзаковго карап, ыктап ролдорун ойной баштаганын байкадым жана Калматтын образын Елүбай ага гениалдуу аткарарын түшүндүм. Себеби көркөм тасмада Умурзаков чыныгы кыргыздын нукура ак сөөгүнүн образын көрсөткөн. Тасмада Калматтын образы бир сырдуу жана акылман инсан катары берилген. Елүбай ага ушул ролду абдан мыкты аткарган.

Буга чейин 1958-жылы биздин үйгө белгилүү акын Темиркул Үмөталиевдин 50 жылдык мааракесине Кетмен-Төбөдөн даңазалуу Коргоол төкмө акын келген. Умурзаков ойногон ролун көргөн учурда Коргоол менен учурушканы эсиме түштү. Ал кыргыздын анык ак сөөгү катары дайыма менин эсимде калды. Дагы бир ирет мурда элибиздин накта элитасы кандай экенин ушул эки инсан аркылуу түшүндүм.

Ал эми Химичев Москвадагы "Маяковский" театрында иштечү. Аны артисттерди тандаган режиссер сунуштады. Бүгүнкү күндө мындай тандоо кастинг деп аталат. Анда Борис эмгек жолун жаңы эле баштаган актер болчу. Ошол убакта Химичевду белгилүү советтик артист Татьяна Доронинанын күйөөсү деп айтышчу. Анткени Борис Татьянанын төртүнчү күйөөсү эле. Биринчи көргөндө эле Бористин сырткы турпаты мага жакты. Химичев тасмадагы башкы каарман, чек арачы "Көк аары" Кондрат Кокоревдун образын мыкты аткара турганына ишендим. Бирок Химичевдун бул каармандын образына кирип, аны аткарышы үчүн көп убакыт жана күч жумшадым. Анткени кыргыз актерлорунда генетикалык жактан ички дүйнөсүндө тубаса жигиттин образы бар. Мисалы, кыргызга атты кантип токуйт, үзөңгүнү кандай теминүү керектигин айтуунун зарылдыгы жок. Ал эми теги орус артисттерге мунун бардыгын ийне-жибине чейин түшүндүрүү керек. Химичев айткандарымдын бардыгын аткарып, кыргыз актерлер менен аралашып Кокоревдун ролун кандай нукта ойноо керектигин түшүнүп, башкы каармандын образын абдан жакшы ачып берди. Ошондон баштап Химичевдун чыгармачылык карьерасы алдыга жылды. 30 жылдан кийин экөөбүз жолугуп: "Буюрса дагы бир көркөм тасма тартып калсам, башкы ролго чакырсам келесинби?" - деп сурадым. "Сөзсүз чакыр, баарына кайыл болуп барам", — деп чын дилден жооп берди.

Тасмадагы дагы бир башкы каарман, чек арачы Кондраттын жубайы Ольганын ролуна Польшанын даңазалуу актеру Барбара Брыльсканы чакыргам. Ал макулдугун берген. Тилекке каршы, мейманкана, өзүнчө автоунаа жана каржылык жактан камсыз кыла албагандыктан баш тартууга туура келди. Себеби ага чейин Польшанын дагы бир белгилүү актрисасы Пола Ракса Ысык-Көлдө советтик көркөм тасмага тартылганда анын талабына ылайык мейманкана Кыргызстанда жок болгондуктан, Алматыга жайгаштырышкан. Анысы аз келгенсип, Поланы Алматыдан Ысык-Көлгө вертолет менен ташышкан. Ушул себептердин айынан Брыльсканы тасмага тарта алган жокмун. Ольганын ролун теги латыш артист Гунта Виркава аткарып, бирок образды толугу менен ача алган жок. Эгерде каражат ойдогудой болуп Барбараны тартсам, анда Ольганын образын мыкты болмок.

Тасманы тартып жаткан учурда эң башкы терс каарман Байзактын образы башкы оң каарман Карабалтага карама-каршы болсо деп ойлогом. Фильмдин акырында Жумадылов менен Чокморовдун жардын жанында бири-бири менен ат үстүндө алышкан эпизоду бар. Советбек ага эр эңишти жакшы аткара албайт го деп ойлогом. Анткени Жумадылов андай күчтүү эмес эле. Бирок Жумадыловдун ушунчалык энергетика менен аткарганын көргөндө жакамды кармадым. Ал эми Сүймөнкул жардын үстүнөн атка минип секирген эпизодду каскадеру жок эле өзү аткарган. Жумадылов менен Чокморов экөө тең гениалдуу актерлор болчу.

Дагы бир оң каарман Атайдын ролун Арстанбек Ирсалиев мыкты аткарган. Ал опера жана балет театрынын бийчиси болчу. Арстанбек төрт тарабы төп келишкен, абдан жылдыздуу жана таланттуу жигит эле. Трюктардын баарын Арстанбек өзү ойногон. Бир гана ат чабыштын учурундагы аттын үстүнөн ээрди алып салып кайра секирип мингенин даңазалуу каскедерубуз Үсөн Кудайбергенов ойноп берди. Себеби ушул эпизодду тобокелге салгым келген жок.

Совет доорунда кыргыз киносу дүйнөлүк деңгээлге чыккан. Ушул жетишкендиктердин баарынан кол жуудук. Ушул нерсе жүрөгүмдү өйүйт. Бир ирет Төлөмүш Океев экөөбүз Парижде өткөн кинофестивалга катышып калдык. Экөөбүз белгилүү Голливуд режиссеру Кевин Костнер тарткан "Бөрүлөрдүн арасындагы бий" аттуу көркөм тасманы көрдүк. Бир маалда Төлөмүш ава мени чыканагы менен түртүп: "Боке, карачы, Костнер бул тасмасына мен тарткан көркөм тасмалардан айрым үзүндүлөрдү алып кошкон турбайбы", — деп айтты. Жакшылап карасам, чын эле Кевин анын фильминен бир үзүндү алыптыр...

Тема:
Болот Шамшиев дүйнө салды (12)

Тема боюнча

Үйү, автоунаасы өрттөнүп кеткен. Болот Шамшиев тууралуу 7 факты
Касым-Жомарт Токаев: Болот Шамшиевдин элеси эсибизде түбөлүк сакталып калат
Белгилер:
каармандык, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, тасма, Болот Шамшиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ