АК-47 автоматынын бир огу менен кармалып кесилип кетти. Соттук чечим

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКуралдын огу. Архив
Куралдын огу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучунун баштыгынан АК-47 автоматынын бир даана огу табылып, аны укук коргоо кызматкерлери аэропорттон колго түшүргөн.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан бир ок менен кармалган жаран бир жылга шарттуу эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланган.

Өкүмгө ылайык, айыпталуучу Түркияга баратканда кармалган. Анын баштыгында АК-47 автоматынын бир огу табылганы айтылат. Колго түшкөн кишиге Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо") боюнча айып коюлган.

Сот отурумунда шектүү көрсөтмө берип, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган.

"Ал күнү мен Түркиянын Анталия шаарына учуу үчүн аэропортко баргам. Жанымдагы баштыгымды рентгенден өткөрүп жатканда ал жакта иштеген кыз "баштыгыңызда ок барбы" деп сураган. Мен "жок" деп жооп бергем. Кийин анын ичиндеги оокаттарды алып чыгып, кичинекей капчыктын ичинен бир даана ок табылган. Мындай болуп калганына өкүнөм", — деген ал.

Териштирүү маалында соттук-баллистикалык экспертиза октун жарактуу экендигин аныктаган.

Фемида өкүлдөрү эркектин буга чейин сот жоопкерчилигине тартылбагандыгын эске алып, аны бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0