Жаңы жылда атылчу салют Бишкектин абасын булгайбы? Мэриянын жообу

© пресс-служба мэрии города БишкекНовогоднее мероприятие на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Новогоднее мероприятие на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги салюттар 30 метрден жогорку бийиктикте атылса, зыяндуу заттар шамал менен учуп кетерин билдирген.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Борбор калаада жаңы жылдык фейерверктер, салюттар 30дан 130 метрге чейинки бийиктикте атылат. Бул абанын булганышына анча көп таасирин тийгизбей турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн Ала-Тоо аянты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн "Ала-Тоо" аянты. Видео
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Аязбек Кыдыргычев жергиликтүү ЖМКнын бирине берген маегинде фейерверктер 30-130 метр бийиктикте атылышы керектигин айткан.

Мэриянын билдиришинче, майрамга карата 683,6 миң сомго салют сатып алынган, асманга алты мүнөт атылат. Ал салюттар бардык талаптарга ылайыкташтырылган, экологияга анча көп зыян келтирбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0