04:55 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1919 0 0

Синоптиктер 29-31-декабрь күндөрү өлкө аймагында дагы бир ирет кар жаай турганын кабарлайт.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы апта ичине карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаайт.

30-31-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын арбын болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу аймактагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу жактарда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт, ал эми күндүзү жана 2-январда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-январда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 4-январда кээ бир райондордо кар жаайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Тема боюнча

Кыламык кар, сейилдеген бөбөк. Бишкектин көчөлөрүнөн тартылган 11 сүрөт
Жомок, жомок! Кызыл аянттагы ГУМ муз аянтчасынын ачылышынан 12 ирмем
Жекшембиге карата аба ырайы
Сасык тумоого кабылгандар ооруканага батпай жатат. Өлкөдөгү абал
Жаңы жылга чейин аба ырайы кандай өзгөрөт?
Белгилер:
Жаңы жыл, аба ырайы, Кыргызстан, апта

ЭҢ МААНИЛҮҮ