Салымбеков Бишкектеги футбол борборуна берилчү жер боюнча жагдайды түшүндүрдү

© Фото / Азамат РажаповГенеральный директор рынка "Дордой" Жумабек Салымбеков
Генеральный директор рынка Дордой Жумабек Салымбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин депутаты бардык тараптарды мыйзам чегинде иштегенге чакырды. Андай болбосо тартип коргоочулар тарабынан мэрге суроолор жаралышы мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, көпчүлүк коалициясынын лидери Жумабек Салымбеков гранттык каражатка курулат деген футболдук борборго эмнеге жер берилбей жаткандыгын айтты.

Facebook аккаунтуна жазган постунда жаңы жылга чейин аталган маселе чечилбесе, грант башка өлкөгө өтүп кетерин жазды. Анын айтымына караганда, КРдин Футбол федерациясы Бишкек шаарындагы Түштүк магистралдан өйдөрөөк аймактан футбол борборун курууга жер сурап жатат. Ал мэриянын позициясын түшүндүрдү. Шаар башкармалыгы жерди берүүгө даяр экендигин, бирок ал муниципалдык аймак болгондуктан бардыгын мыйзам чегинде чечүүнү суранды.

Жумабек Салымбеков аны менен кошо эле Футбол федерациясы айтып жаткан документи орусчага которушкандыгын айтты. Мындан соң гранттын көлөмү 10 миллион доллар эместиги (азыр канча экени тактала элек) жана муниципалитет бере турган жер автоматтык түрдө федерация менчиги болуп калары аныкталгандыгын айткан.

"Мамлекетке өзүнүн футбол борбору канчалык деңгээлде керектигин өлкөбүздүн күйөрмандарынан улам көрүп түшүнүп турам. Бизде футбол борбору салынышы керек. Бирок КРдин мыйзамдар сакталып, документтери аягына чейин иштелип жана мыйзамдуу болушу зарыл. Бул жерде мэр туура айтып жатат. Акыйкаттык үчүн айтып коеюн, мэрия тилкени берип жаткан соң ал да мунун катышуучусу болушу керек. Ал эми Футбол федерациясы жерди өздөрү айткан жерден алабыз, ага кошумча менчик катары же 20 жылга кайтарымсыз бергиле деген талабы бар. Мындай болбойт да", — деп жазган ал.

Депутат эгерде мыйзамдын алкагында иш алып барбаса, тартип коргоо органдарында ири алдыда депутаттарга эмес, мэрияга суроо жаралат.

Депутат учурда Бишкектеги "Дордой" футболдук клубунун башкармалыгынын мүчөсү.

Футболдук борбор жана анын таржымалы

Кыргызстандын футбол федерациясы билдиргендей, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) менен Азиялык футбол федерациясы (AFC) өлкөдө футбол борборун куруу үчүн 8-10 миллион сомдой бөлүүнү пландоодо. Бул административдик кеңсе катары салынып, айланасында кичи оюн талаасы жана трибуналары бар эки ири оюн талаасы курулмакчы. Ал Кыргызстан курама командасы менен "Алга" (Бишкек) клубунун спорттук базасы болот. Ал үчүн 8-10 гектар жер керек экендиги айтылды.

Футбол федерациясы шаардын түштүк бөлүгүнөн жер алууну ниеттенген, бирок мэриянын өкүлдөрү ал жак Башкы план боюнча көп кабаттуу үй курууга каралганын айтып, документтерди өзгөртүү үчүн көп убакыт керек экендигин билдиришкен.

Подготовка стадиона Долона Омурзакова в Бишкеке к матчу Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы
Анын ордуна Аламүдүн районунун аймагынан, Ак-Өргө конушунан жана "Трудовые резервы" спорт комплексинен варианттар сунушталган. Анткен менен федерация грант берүүчүлөрдүн талабына ал жерлер ылайык келбей жатканын айтууда.

Депутаттар маселени 2019-жылдын 26-декабрында кайрадан карашмак, бирок кворум жоктугунан жыйын болбой калган. Гранттын мөөнөтү 31-декабрга чейин, эгер Бишкек маселени чечип, аны кабыл ала албаса, башка өлкөлөргө берилет.

Мындай жагдайдан улам Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эгер футбол борборун куруу үчүн жер тилкеси бөлүнбөсө, Бишкекте ойногондон баш тартышы мүмкүндүгүн айтышкан. Бул тууралуу команданын капитаны Валерий Кичин билдирген. 

Андан эки күн өтпөй социалдык тармакта футбол борборун курууга жер берүүнү талап кылган флешмоб башталган.

Эми мэрия менен федерация бул маселени бир мунасага келип чечиши керек. Шаар башкармалыгынын бир гана шарты бар — жер муниципалитеттики, демек, курулуш аяктагандан кийин мэриянын карамагына өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0