00:44 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958
Коом
Кыскача шилтеме алуу
381 0 0

Нумизматтар 1997-жылы чыгарылган банкнотаны өзгөчө баалашат. Мындай купюралардын баасы миң долларга чейин чыгышы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Мешок" деп аталган интернет-аукциондо Кыргызстандын 10 сомдук купюрасы сатууга коюлду.

Мындай үлгүдөгү банкнота 1997-жылы (үчүнчү жолу) чыгарылган.

Баштапкы баасы тогуз миң рублди (10,1 миң сом) түздү. Бул өз баасынан 1 100 эсе кымбат сатылып жатканын түшүндүрөт. Банкноттун баалуулугу анын номери 0000000 (ВН сериясы) болгонунда. Нумизматтар мындай акчаны аябай баалап, 1000 долларга сатып алуудан да аянбайт.

Ачык булактарда ушундай номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулары жазылган. Бирок аукционго коюлган 10 сомдук банкноттун "үлгү" деген белгиси жок.

Буга чейин Улуттук банк мындай купюраларды төлөм каражаты катары колдонууга болоорун же болбостугун тактап берүүнү убадалаган.

Тема боюнча

1000 сомдук акча 20 эсе кымбат баада сатылууда. Себеби
Белгилер:
сатуу, кымбаттоо, аукцион, банкнот, акча

ЭҢ МААНИЛҮҮ