Автоинспекторлор жаңы жыл алдында айдоочуларга кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников столичной Патрульной милиции
Работа сотрудников столичной Патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инспекциянын маалыматына караганда, мурдагы жылдар көрсөткөндөй, бул күндөрү автоунаа кыймылдарынын көбөйүшү менен жол кырсыктарынын саны дагы өскөнү байкалат.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жарандардан майрам күндөрү кырсыкка учурап калбаш үчүн кыраакылыкты жоготпоосун өтүнөт.

Инспекциянын маалыматына караганда, мурдагы жылдар көрсөткөндөй, бул күндөрү автоунаа кыймылдарынын көбөйүшү менен жол кырсыктарынын саны дагы өскөнү байкалат.

"Андыктан жол, ылдамдык эрежесин сактоого, жөө жүргүнчүлөр, алардын арасында жаш өспүрүмдөр жүргөн жерлерде өтө кылдат болууга чакырабыз. Башка жол кыймылынын катышуучуларына жолтоо болбой, автоунааны кароосуз жерлерге токтотуп койбоңуздар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле майрам күндөрү ага-тууган, жоро-жолдоштордукуна барчулар көп болуп, жолдордо тыгын жарала турганын эске алып коомдук транспорттун кызматын колдонууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0