Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз

Жазылуу
Азыр кайсы жакты караба, чүчкүрүп-бышкырып, какылдап жөтөлүп жүргөн кишилер. Көпчүлүгү "грипп болдум" деп дарыгерге кайрылбай эле ар кайсы дары-дармектерди ичкен учурлар да арбын.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоого кабылгандар ооруканага батпай жатат. Өлкөдөгү абал
Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) адистери грипп, анын белгилери, курч респиратордук вирустук инфекциядан (КРВИ) айырмасы жана дарылоодогу катачылыктар тууралуу маалымат берди

Баса, өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлиги бир жума ичинде курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 24 пайызга өскөнүн айткан. Андыктан окурмандарга ден соолугуна туура кам көрсүн деген максатта адистердин пикирин сунуштайбыз.

Грипп дене табын көтөрөт

Грипптин негизги белгиси — адамдын дене табынын алгачкы сааттарда 38,5+39 градуска чейин көтөрүлүшү. Эгер дене табы ордунда болсо, анда сизге грипп эмес башка вирус жуккан.

Мурун бүтпөйт

Грипптин алгачкы күндөрү мурундан суу акканы менен таптакыр бүтүп, дем алууга тоскоол кылбайт. Качан гана 3-4 күн өтүп, иммунитет алсырагандан кийин бүтө баштайт.

Вирус сууктан коркпойт

Абанын температурасы нөл градус болуп турган кезде дагы грипп вирусу бир айдай жашайт. Анткен менен аны кадимки кир самын өлтүрө алат.

Акча аркылуу жугат

Кадимки кагаз акча абдан көп инфекцияларды алып жүрөрүн баарыбыз билебиз. Ал эми грипптин вирусу акчада эки жумага чейин сакталат экен. Андыктан акча кармагандан кийин колду самындап жууп алууну унутпаңыз.

Эненин сүтүнөн грипп жукпайт

Бала эмизген аял гриппке чалдыкканда наристени эмчектен чыгарып кереги жок. Адистер сүттөгү антителолор грипптин вирусунан күчтүү экенин далилдешкен. Демек, балага сүт аркылуу жукпайт.

Грипп парацетамолду абдан жакшы көрөт

Адамдын нормалдуу же аз-маз көтөрүңкү дене табы вирус үчүн бейиш, мындай учурда вирус организмге каалагандай жайылат. Андыктан чоң кишинин дене табы 39, баланыкы 38,5 градуска жетмейинче түшүрбөй эле койгон туура.

Дары жардам бербейт

"Гриппти дарыласаң жети күндө, дарылабасаң бир жумада айыгат" деген тамаша сөз бар эмеспи. Мунун бир аз чындыгы бар, бирок өтүшүп кеткен учурда гана. Ал эми алгачкы белгилери пайда болгондо адам туура дары-дармек ичсе, эртерээк сакайып кетет же кесепетин жеңилдетет.

Антибиотиктин пайдасы барбы?

Антибиотик бактерияга каршы иштейт. Ал эми вирус менен бактериянын эч жакындыгы жок. Демек гриппти антибиотик менен дарылап пайда таппайсыз. Бирок айрым учурларда грипп өтүшүп кетип, иммунитет алсыраганда бактериялык инфекция пайда болот. Мындай учурда, эсиңизде болсун, дарыгердин сунуштоосу менен гана антибиотик ичүү керек.

Сарымсак менен лимондун пайдасы барбы?

Ден соолукту чыңоо, витаминдерди ичүү, пияз, сарымсак жана лимонду жеп туруу организмдин ар нерсеге туруктуу болуусуна жардам берет. Бирок вирустун өзүнө таасир эте албайт.

Гриппке каршы эмдөө кепилдик береби?

Бир дагы каражат гриппке таптакыр чалдыкпайсың деп 100 пайыз кепилдик бере албайт.

Гриппке каршы вакциналарды кантип иштеп чыгышат?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму грипптин вирустары кайсы жакта кантип өнүгүп жатканын иликтеп турушат. Ошого жараша вакцина өндүрүүчүлөргө сунуштама берилет. Прогноз 100 пайыз туура келбей калган күндө дагы вакцина таасир эте берет. Анткени грипптин көпчүлүк вирустарынын антителолору бирдей.

Вакцинаны качан сайдыруу туура?

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иммунитетти көтөрүүнүн эң оңой 5 ыкмасы айтылды
Эң ыңгайлуу учур - күз айлары. Ал эми грипп эпидемиясы башталып, өзгөчө адам вирус жуктуруп алгандан кийин аны сайдыруу же сайдырбоо боюнча ар бир киши дарыгер менен кеңешиши керек.

Адистер грипптин билинбегени менен өтө кооптуу илдет экенин эскертишет. Өзгөчө жаш балдар жана улгайган адамдар үчүн өлүм коркунучуна алып келиши мүмкүн. Андыктан медиктер ден соолукка олуттуу мамиле кылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0