Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук транспорт кандай иштейт. Расписание

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВ Омске выпал первый снег
В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-декабрь түнү Бишкектин борбордук аянтында эстрада жылдыздары концерт берет. Аянттан үйүнө кайткандар үчүн бул түнү троллейбус атайын расписание менен иштейт.

Жыл жаңырган түнү Бишкекте коомдук транспорт 2.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул күнү борбордук аянтта эстрада жылдыздары концерт берет.

Саат 22.00дөн тарта троллейбустар борбордук аянттан тургундарды шаардын туш тарабына жеткирет. Маршруттар төмөнкүчө:

  • №2 "Ала-Тоо" аянты – Аламүдүн-1;
  • №4 "Ала-Тоо" аянты — Тери заводу;
  • №7 "Ала-Тоо" аянты – Тунгуч кичирайону;
  • №8 "Ала-Тоо" аянты – Ак-Өргө жаңы конушу;
  • №10 "Ала-Тоо" аянты — Асанбай кичирайону;
  • №14 "Ала-Тоо" аянты – Жал кичирайону;
  • №14 "Ала-Тоо" аянты — Киркомстром кичирайону;
  • №17 "Ала-Тоо" аянты — Карл Маркс көчөсү менен Асанбай кичирайону.

Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн Ала-Тоо аянты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Башкы балатынын оту жанды! Жомокко бөлөнгөн "Ала-Тоо" аянты. Видео
1-январь күнү 74 троллейбус жумушка чыгып, атайын расписание менен 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт.

№7, 38, 42, 36-автобустан жана № 103, 136, 225, 243, 199, 143, 219, 129, 135, 210, 222, 224, 227, 260, 104, 170, 216, 139, 164, 179, 212, 240, 258, 185, 269-маршруткалар дагы түн ортосуна чейин эл ташыйт.

Жаңы жыл түнү "Ала-Тоо" аянтында Тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары нөөмөттө турат. Мындан тышкары, "Тазалык", "Бишкек жарык" ишканаларынын миңден ашуун кызматкери иштешет, 20 даараткана коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0