Жаш жигит колумду сурап жатат... Жалгыз бой аялдын каты

© Фото / Pixabay / haomao57Помощь психолога
Помощь психолога - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш жигитке турмушка чыгар-чыкпасын билбей жаткан аялдын каты жарыяланды.

...Саламатсыздарбы? Абалым түшүнүксүз, колумду сураган адамга эмне деп жооп беришти билбей жүрөм. Себеби ал менден бир топ жаш кичүү. Кой десем болбой, артыман калбай жүрөт. Мен 40 жаштамын, ал жигит болсо 32де. Ортобузда сегиз жаш айырма.

Обращение пар к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жаза тайдым, эми кантем?.. Жолдошунун көзүнө чөп салган келиндин каты
27 жашымда турмушка чыккам. Үйлөнгөндө экөөбүз тең иштеп, кызматтан орун-очок алып калган кезибиз болчу. Жолдошум менен жумуштан таанышкам. Жашым өтүп турмушка чыкканга удаа эле төрөдүм. Эки кызымдын ортосу бир эле жаш. Ошентип үйдө үч жылдай отуруп, андан кийин жумушка чыктым. Жолдошум жарым ай иштеп, жарым ай бош болчу. Ошол себептен кыздарын өзү карады. Андан кийин кайненем айылдан шаарга келип каралашты. Айтор, көп кыйынчылык болгон жок. Күйөөм кызматтагы адамды түшүнгөн жан эле. Иштеп жүргөндө колдон-буттан алып "иште" деп турчу. Тааныштардын баары "идеалдуу үй-бүлөсүңөр", "күйөөң сонун" деп атып көз тийип кеттиби, айтор, жети жыл чогуу түтүн булаткандан кийин жолдошум экөөбүздүн мамилебиз сууй баштады. Кайсы кара теке сүздү билбейм, үйдөн болоор-болбос нерсеге кийлигишип, кулак-мээмди жейт, кызганат. Негизи башында эле идиш-аякка кийлигишчү. Анысы кийин күчөп кетти. Баягы күйөөм жок, кыял-жоругунан бери дароо өзгөрдү.

Менин да кыялым оңой эмес, үйдө күндө уруш-талаш. Урушуп кеткенде үйдөн чыгып кетет дагы түнү менен келбей коет. Көрсө, башка адамы бар экен. Анысын билип калгандан кийин эч нерсеге карабай кыздарымды алып үйдөн чыгып кеттим. Артыман келип, кечирим сурап жүрдү. Кечирдим, бирок кайра чогуу жашай албай койдук. Баягы уруш-талаш кайра кайталанат. Эки-үч жолу келип-кетип жүрдүм да, аягында "сен да, мен да жаш бала эмеспиз" деп мыйзамдуу түрдө ажыраштык. Андан бери беш жыл өттү. Жолдошум жакында эле үйлөнүптүр. Антсе да кыздар менен катышып турат, алимент төлөйт, айтор, сыйбыз. Жайына койгом. Анын үстүнө ага болгон сезимим эбак эле өчкөн.

Ажырашкандан кийин белди бекем бууп тытынып иштедим. Кызматтан көтөрүлдүм. Ата-энемдин жардамы менен бир бөлмөлүү үй алгам, алдымда унаам бар. Кыздарымды жакшы эле багам. Артыман ээрчиген эркек көп болду, бирок эч кимди жолоткон жокмун. Аларга алаксыгым келген жок. Ажырашып кеткенимди, жашымды укканда айрымдары так секирип өздөрү эле жоголчу.

Офисте иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым мурдагы жигитин күтүп төрөбөй жүрүптүр. Ызаланган эркектин каты
Жакында эле, тагыраагы, жарым жыл мурда жашоомдо бир адам пайда болду. Оор басырыктуу, айтканын аткарган азамат жигит. Жумуш аркылуу таанышканбыз, бирок чогуу иштебейбиз. Мени жактырып калган окшойт, ар кайсы шылтоо менен чалып жүрдү. Белегин берип, жакшы сөздөрүн айтты. Тилекке каршы, ал менден кичүү, болгондо дагы сегиз жашка. Буга чейинки артыман ээрчигендер кыздарымды же жашымды айтсам эле жоголуп кетишчү. Бул адам андай кылган жок, эч нерсеге карабай колумду сурады. Буга чейин үйлөнүп, бирок ажырашып кетиптир. Кыздарым чоңоюп калгандыктан, улуусуна "турмушка чыгайынбы" деп чет-четин чыгарсам макул болбой койду. Ал азыр 12де.

Өзүм деле жаш балага күйөөгө тийбей эле коеюн деп макул болгон эмесмин. Бирок күйөөм үйлөндү. Тааныштарым айткандай, мен да өз бактымды тапсамбы дейм. Чынын айтсам, бул адамда көңүлүм бар, жактырам. Бирок жаш экени мага жолтоо болуп жатат. Эл эмне дейт, ата-энем, бир туугандарымчы. Анын ата-эне, туугандары кабыл алабы? Кыздарыма жаман үлгү көрсөтүп жаткан болсомчу? Аны кабыл албай коюшсачы? Баш тартып койгондон да коркуп жатам. Балким, бул менин бир келген бактымдыр. Андан артык кимди табам. Өмүр бою жалгыз өтөмбү? Бул суроолор мага тынч уйку бербей койду. Жалгыз бой болгон деле оңой эмес. Башым катты. Кеңеш күтөм.

"Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

Үй-бүлө оңой эле курулуп калбайт. Жубай тандоо кесип тандоо сыяктуу. Аны туура тандасаң жашоодо өкүнбөй, андан ырахат алып өтөсүң. Өзүңө жар тандоодо билим, тажрыйба керек, бирок биринчи кезекте жүрөк менен тандаш керек. Ошол сыяктуу бул каттын автору ал адамды жакшы көрөбү? Кеп ошондо. Эгер экөө тең бири-бирин чындап жакшы көрсө, тоскоолдукту бирге жеңет. Албетте, кыйынчылык болот. Биринчиден, келин айлана-чөйрөнүн кеп-сөзүнө даяр болушу керек. Анткени жолдошу өзүнөн кичүү болгондо достору, алардын аялдары да кичүү болушат. Алар менен эс алууга чыкканда ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Экинчиден, тууган-туушкан деген бар. Аял кичүү болсо да, улуу болсо да келин болот, кызмат кылат. Үчүнчүдөн, күйөөсү жаш болсо, андан дагы жаш көрүнөм деп жаштыкка көп каражат коротушу ыктымал.

Анорексия менен ооруган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төшөк кумарынан алыстап кетет. Психиатр анорексияга кабылгандар тууралуу
Бирок эгер эки адам чындап бири-бирин жакшы көрсө, бул никенин жакшы жактары көп болот. Айрыкча аял киши үчүн. Алсак, күйөөсүнө карап ал жашарат. Жаш көрүнүүгө аракет кылып, өзүн карайт. Аял өзүн караган сайын эркекке жагат. Жанында жөлөнүп-таянаар адам пайда болуп, көйгөй, маселелерин жалгыз чечпей калат. Колун сурап жаткан адам аны аябай жакшы көрсө, андан бетер ырахат. Анткени өзү каалаган нерсени жасай алат, өзүнө болгон ишеним көбөйөт. Аял жаңыдан төрөлүп, кайра жаралгандай болуп, жашара баштайт. Эгер колун сураган адам жакшы болсо, кыздар да ата тарбиясын алат.

Эркек үчүн жакшы жагы - бул аял менен сексуалдык жактан, башкача айтканда, төшөктө маселе жаралбайт. Бир айтаарым, эгер мүмкүнчүлүк болсо төрөгөнгө аракет кылып, жолдошун кубантса болот. Бирок ал өзүнчө маселе.

Эң башкысы, чечимди өзү кабыл алат. Бири-бирин чындап жакшы көрөбү? Колун сураган адамдын сүйөрүнө көзү жетеби? Турмушта кандай жолдош боло алат? Ошол нерсеге карасын. Жардам, кеңеш керек болсо биздин борборго же башка психологдорго кайрылса болот. Айлана-чөйрөнүн кеп-сөзүнөн коркпосун. Анткени кеп кылган адамдар идеалдуу үй-бүлөнү деле кеп кылат. Силердикиндей нике биринчи жолу болуп жаткан жок. Турмушта ар ким өз түгөйүн табышы керек. Бирок нике эки адам тең бири-бирин жакшы көрсө, көңүлдөрү төп келсе гана бекем болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0