08:45 27 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR102.9302
  • RUB1.1212
Коом
Кыскача шилтеме алуу
473 0 0

Жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында журналисттер Сооронбай Жээнбековдон феминисттер уюштурган көргөзмө тууралуу оюн сурашкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков көркөм сүрөт өнөр музейинде жылаңачтанган аялдын жоругу боюнча пикирин билдирди.

Маалымат жыйын учурунда журналисттер президент Жээнбековдон феминисттер уюштурган көргөзмө боюнча оюн сурашкан.

"Аял — бул биздин апабыз, сүйүктүүбүз. Ата-бабалар аларга аяр мамиле жасашкан. Алар баштарынан ак элечегин түшүрүшкөн эмес. Музейде жылаңачтанып жүрүшү менен ал кыз аялдарды басынтты. Менин оюмча, бул аялдын ордунда сиздин апаңыз, эже-карындашыңыз же кызыңыз болушу мүмкүн", — деди президент.

Эске салсак, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде "Феминале" деп аталган көргөзмө болуп, андагы жылаңачтанган кыздардын жоругу коомчулукта катуу сынга алынган. Анын айынан музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен

Тема боюнча

Президент Жээнбеков Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча оюн айтты
Жээнбеков эмне үчүн Матраимов жөнүндө факты сураганын түшүндүрдү
Президент Жээнбеков: Атамбаевдин тагдырына жүрөгүм ооруйт
Жээнбеков: коррупция менен күрөшүү мынчалык оор экенин президент болгондо билдим
Белгилер:
музей, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ