Бишкекте айдоочулук күбөлүк башка жайдан берилет. Дареги

© Фото / пресс-служба ГРС КРОбразцы новых водительских удостоверений гражданина Кыргызстана
Образцы новых водительских удостоверений гражданина Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылуулардын ири агымын эске алып, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн башка жайга убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрдан тартып, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмү Ауэзов көчөсү, 1/5 дарегиндеги "Два прораба" дүкөнүнүн имаратынын ичинде жайгашып, иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

МКК белгилегендей, "Унаа" мамлекеттик кызматына кайрылуулардын ири агымын эске алып, келген адамдардын топтолуусун кыскартуу максатында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү бөлүмүн Ауэзов көчөсү, 1/5 дарегинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунун 1-кабатына убактылуу көчүрүү чечими кабыл алынган.

"Документтерди кабыл алуу жана тариздетүү "Унаа" бөлүмүндө: Лебединовка айылы, Жеңиш проспекти, 121 "Б" дареги боюнча жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтүн узартуу пландалууда
9-декабрдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүү башталган. Даярдоо мөөнөтү, документтерди кабыл алуу күнүн эсепке албаганда төрт күндүн ичинде даяр болот. Күбөлүктүн даяр болгондугу тууралуу маалымат арыз берүүчүнүн уюлдук телефонуна билдирүү түрүндө келет.

Бардык маселелер боюнча 0(312) 62-41-40 номери аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0