Биринчи орун 70 миң сом. Борбордо муз скульптураларынын көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМуздан скульпутра жасап жаткан адамдар. Архив
Муздан скульпутра жасап жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссия ишинин жыйынтыгы менен үч алдыңкы орун аныкталат. Мындан тышкары, көргөзмөгө күбө болгондор "көрүүчүлөрдүн тандоосу" номинациясына добуш бере алышат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте январь айында муз скульптураларынын "Назик кооздук" аталышындагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Көргөзмө 5-13-январь күндөрү Бишкек шаардык базарында болот.

"Катышам дегендерге эшик ачык. Сүрөтчү, скульптор, прикладдык искусствонун чеберлерин, ЖОЖ студенттерин, мугалимдерин жана окуучуларды сынакка катышууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен үч алдыңкы орун аныкталат:

  • I орун — 70 миң сом;
  • II орун — 40 миң сом;
  • III орун — 25 миң сом.

Ошондой эле катышуучуларга жаңы жылдык белектер ыйгарылат. Мындан тышкары, көргөзмөгө күбө болгондор "көрүүчүлөрдүн тандоосу" номинациясы боюнча добуш бере алышат.

Арыз менен эскиздер 2020-жылдын 5-январына чейин кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0