Батукаевдин иши: тергөө менен кызматташкандардын баш коргоо чарасы узартылды

© Sputnik / Расул УсеналиевБиринчи май райондук соту. Архив
Биринчи май райондук соту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй камагында жүргөндөрдүн арасында депутат, мурдагы министр, баш прокурорлор да бар.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна шектелгендердин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.

Тагыраак айтканда, тергөө менен кызматташууга макулдашып үй камагына чыгарылган фигуранттар 2020-жылдын 28-февралына чейин калтырылды.

Алар мурдагы баш прокурор Аида Салянова, УКМКнын экс-төрагасы Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы, азыркы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев жана башка бир нече аткаминерлер. Арасында өкмөттүн аппаратынын, прокуратуранын, тергөө абагынын кызматкерлери, гематолог, онкологдор да бар.

Батукаевдин иши

Бывший президент КР Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Батукаев иши: келерки соттук процесс Атамбаев үчүн тергөө абагында өтмөй болду
Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0