Кулматовдун тергөө абагына киргизилгенге чейин жана андан кийинки сүрөтү

© Sputnik / Табылды КадырбековСуд над Кубанычбеком Кулматовым
Суд над Кубанычбеком Кулматовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы июнь айында Кулматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген. Ал мектепти курууда коррупциялык аракеттер боюнча айыпталган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту. Эми экс-мэр 5 миллион сом төлөшү керек.

Сот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.

© Sputnik / Нурис АлымбаевБишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту.
© Sputnik / Нурис АлымбаевСот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.
Сот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Сот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.
1/2
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту.
2/2
Сот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экс-мэр Албек Ибраимовго дагы соттун өкүмү чыкты
2018-жылы июнь айында Кулматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген. Ал Калыс-Ордо конушуна мектеп куруудагы коррупциялык аракеттер боюнча айыпталган. Тергөөнүн билдиришинче, мамлекетке келтирилген чыгым 94 миллион 864 миң 180 сомду түзгөн. Мамлекеттик айыптоочу калаанын мурдагы мэрин 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Кулматовдон тышкары мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркулов, "Альта Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев жана "Айкол-Строй" подрядчы фирмасынын мурдагы директору Сеиткан Алиев дагы айыпталган. Алардын бардыгы айып төлөй турган болуп, сот залынан бошотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0