Жээнбеков каза болгон чек арачы Муминовдун жубайына "Эрдик" медалын тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял супругу погибшего военнослужащего Равшана Муминова
Президент Сооронбай Жээнбеков принял супругу погибшего военнослужащего Равшана Муминова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөт тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн эки миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта курман болгон Чек ара кызматынын аскери Равшан Муминовдун жубайы Мухайе Муминованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, Равшан Муминов мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын айтып өттү. Ошондой эле анын эрдиги мекенге кызмат кылуунун жана чыныгы патриотизмдин үлгүсү экенин баса белгиледи. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКаза болгон чек арачы Муминовдун жубайына "Эрдик" медалы тапшырылды
Жээнбеков каза болгон чек арачы Муминовдун жубайына Эрдик медалын тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Каза болгон чек арачы Муминовдун жубайына "Эрдик" медалы тапшырылды

Подготовка к открытию Центра предоставления государственных услуг МВД КР - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго "Эрдик" медалы ыйгарылды
Жээнбеков Муминовду курман болгондон кийин "Эрдик" медалы менен сыйлап, аны жубайына тапшырды.

Мындан сырткары, президент курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп турарын белгиледи. Буга чейин өкмөт тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн эки миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза таап, 13 киши жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0