Бишкектеги №36 автобустун багыты өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Коомдук транспорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимди атайын түзүлгөн комиссия жергиликтүү тургундардын оюн эске алуу менен чыгарган. Мындан ары бул автобус Лермонтов көчөсүнө чейин гана жүрөт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы №36 автобустун багыты өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекНовый маршрут автобуса №36
Бишкектеги №36 автобустун багыты өзгөрдү - Sputnik Кыргызстан
Новый маршрут автобуса №36

Маалыматка караганда, мындан ары автобус Жибек Жолу проспектиси аркылуу Осмонкул ("Шоро" компаниясына чейин) көчөсүнө кирбейт.

"Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолунан акыркы аялдамага чейинки бөлүгүндө (1300 метр) жергиликтүү тургундар унааларын токтотуп коюп жатышат. Жол кууш болгондуктан автобустардын өтүшүнө тоскоолдук жаралууда", — дешти мэриядан.

Мындай чечимди атайын комиссия жергиликтүү тургундардын оюн эске алуу менен чыгарган. Мындан ары №36 автобус Ак-Ордо конушунан Осмонкул көчөсүндөгү "Шоро" компаниясына чейин эмес, Лермонтовго чейин жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0