Кар жаагандан кийин Бишкектин жолдоруна 213 тонна туз себилди

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба коммунальщиков с весенним снегом
Борьба коммунальщиков с весенним снегом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын көчөлөрүн тазалоого 700 көчө шыпыргыч чыккан. Маал-маалы менен жолдорго жана тротуарларга туз себилип турат.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Катуу жааган кардан кийин борбор калаанын жолдоруна 213 тонна техникалык туз себилди. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү талабы коюлду
Маалыматка ылайык, шаардын көчөлөрүн тазалоого 700 көчө шыпыргыч чыккан. Жолдорго жана тротуарларга маал-маалы менен туз себилип турат. Жол-эксплуатациялык бөлүмдүн 38 атайын техникасы тартылган.

Мындан тышкары, мэрия автоунаасын жол жээгине туура эмес токтоткон айдоочуларга кайрылып, машиналар техниканын иштөөсүнө жолтоо болуп жатканын белгиледи.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер болсо, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Ошондой эле күнү-түнү 1840 жана 1850 номурларына чалып, эгер сүрөт, видео фактылар болсо 0554 18-21-85 WhatsApp номерине жөнөтүүнү суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0