Бишкек — Ош жолундагы тыгын жоюлуп, чектөө алынды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол тыгын пайда болгондугуна байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда каттаган автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген болчу.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы тыгын 21:50дө жоюлду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Последствия ледяного дождя в Москве - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүндөгү муздан арылыш үчүн кимге кайрылуу керек? Тизме
Эске салсак, кечээ саат 19:20да Бишкек — Ош унаа жолунун 143-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол тайгак болуп, автоунаа тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Жайыл районунун "Сосновка" постунда каттаган автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген

Жеринде ЖКККББнын кызматкерлери, №9 жол-эксплуатациялык ишканасы жана үч техникалык унаа иштеген. Ошондой эле ӨКМ посттогу айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жылынуучу жай уюштуруп, ысык тамак берген.

Жолдогу тыгын жоюлгандан кийин чектөө алынып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0