"Манас" аэропортунан "бузулган учак кайтып келди" деген маалыматты жокко чыгарышты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЗадержки авиарейсов в московских аэропортах
Задержки авиарейсов в московских аэропортах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы Sputnik агенттигинин кабарчысына билдиргенине караганда, учактын кайтышы боюнча маалымат түшкөн эмес.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Социалдык тармактарда TezJet Airlines компаниясынын учагы түштөн кийин "Манас" аэропортунан учуп чыгып, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра конду деген кабар тараган.

Бул тууралуу "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасында да жазып, бирок автор лайнер кайсы багыт боюнча учканын так жазган эмес.

Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат кызматы Sputnik агенттигинин кабарчысына билдиргенине караганда, мындай маалымат түшкөн эмес. Болгону Ош — Бишкек багыты боюнча каттай турган учак кармалып турган.

TezJet Airlines компаниясынан дагы учактын кайтып келүүсү боюнча маалымат чындыкка туура келбесин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0