Бишкекте мандариндин ичинен таблетка табыштыбы? Видео жана жооп

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүПродажа мандаринов на границе России и Абхазии
Продажа мандаринов на границе России и Абхазии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулар эркек киши мандарин тазалап жатып, анын ичинен таблетка таап алган видеону бөлүшүп жатат. Ролик Кыргызстан эле эмес, Россияга да тарап кеткен.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан аймагындагы интернетке эркек киши мандарин тазалап жатып, анын ичинен таблетка таап алгандай болгон видео тарады.

Аны Telegram менен WhatsApp колдонуучулары бири-бирине улам жөнөтүп, талкуулап жатат.

Киши мандариндин кабыгын аарчып жатып, жемиштин ичинен ак таблетканы алып чыгып жатканын көрүүгө болот. Кадрда Кыргызстанда жасалган деген маркировка көрүнүп турат дешти.

Окурмандардын бир даары мындай "белекке" тынчсыздангандыгын билдирсе, көбү ал жасалма деп шектенген. Видеону Благовещенск аймагындагылар салып, аны жергиликтүү жаңылык порталдары маалымат катары да жазып жиберген.

Аймактын дагы бир жашоочусу мурдагы видеонун "айыбын ачкан" жаңы видео тартып, YouTube каналына салган. Анда таблеткалуу мандариндердин кантип пайда болгонун көрсөтүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0