Мэрия кар жааган күндөрү автоунааларды көчөлөрдүн боюна токтотпоону суранды

Жазылуу
Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Алардын ичинен 25и кар тазалоочу машина, эки ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү техника, төрт универсалдык машина жана беш чакан трактор бар.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын жолдорун кардан тазалоону улантууда. Түн жарымдан бери көчөлөргө 614 тонна техникалык туз чачылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Учурда шаарда 38 атайын техника иштеп жатат. Алардын ичинен 25и кар тазалоочу машина, эки ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү техника, төрт универсалдык машина жана беш чакан трактор бар.

Мындан тышкары, 700 көчө шыпыргыч жана 120 жүктөөчү жолдорду тазалап жатат.

Мэрия шаардыктарга кайрылып, өзгөчө кар жааган күндөрү автоунааларды чоң-чоң көчөлөрдүн боюна токтотпоону өтүндү.

"Машиналар көчөнүн боюна токтоп турган маалда кызматкерлер жолду тазалай албай калышат. Экинчиден, алар атайын техниканын ары-бери өтүүсүнө, кыймылына тоскоолдук жаратып жатат", — дешти мэриядан.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер болсо, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.
Жаңылыктар түрмөгү
0