Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги

© Фото / USAID / Оливье ЛебланПредприниматель Нуркан Жанакова
Предприниматель Нуркан Жанакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуркан Жанакова он жылдан ашык убакыт мугалим болуп иштеген соң үй-бүлөсү менен бизнеске аралашууну чечет. Кичинекей кезинен эмгекчил чөйрөдө өскөн айым жаңы тармактагы көптөгөн кыйынчылыктарга карабай сүт азыктарын чыгарган ийгиликтүү ишкана курууга жетишкен.

53 жаштагы ишкер азыркы учурда ондон ашык адамга жумуш берген, мамлекеттик жана эл аралык мекемелерди сүт азыгы менен камсыздаган цехти жетектейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги Нуркан Жанакова менен ишкерликтин ийгиликтери, бизнеске аралашкан айымдардын коомдогу орду жана келечектеги пландары тууралуу баарлашты.

— Нуркан айым, кесибиңиз боюнча мугалим экенсиз. Бизнеске кантип аралашып калдыңыз?

Бишкектик студент, ишкер Тилек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик ишкер аарынын үстүнө уктоону сунуштайт. Өзгөчө бизнес тууралуу маек
— Ооба, жогорку билимдүү мугалиммин. Мектепте 14 жыл билим бердим. Ал убак өлкөбүздө кыйынчылык болуп турган кез эле. Ансыз деле аз болгон айлык акы таптакыр берилбей калган учурлар да болчу. Андыктан, мен да башкаларга окшоп Россияга барып эки жыл иштедим. Кайра кайтып келген соң мугалимдикти таштадым. Жолдошум экөөбүз кеңешип, жеке ишкерликке өтүүнү чечкен элек. Ошентип 2006-жылы сүттү кайра иштетүүгө алгачкы кадамыбызды таштадык.

— Бизде көбүнчө жеке ишкерлер соода-сатык менен алектенишет. Сүт өндүрүү тармагын тандаганыңызга эмне себеп болду?

— Жолдошум экөөбүз тең чарбачыл үй-бүлөдө чоңойгонбуз. Менин атам 37 жыл сүт тармагында жетекчилик кылса, кайнатам да 40 жылга жакын ушул эле жаатта иштеген. Күйөөм да сүт азыктарын чыгарган ишканада технолог катары кызмат кылган эле. Андыктан бул иш менен тааныштыгыбыз бар болчу. 

© Фото / USAID / Оливье ЛебланИшкер Нуркан Жанакова: ар бир эле ишти жаңы баштап жатканда кыйынчылыктар болот. Биздин да башыбыздан оор күндөр өттү. Бирок акырындык менен иштин майда-чүйдөсүн, өзгөчөлүктөрүн үйрөнө баштадык.
Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Нуркан Жанакова: ар бир эле ишти жаңы баштап жатканда кыйынчылыктар болот. Биздин да башыбыздан оор күндөр өттү. Бирок акырындык менен иштин майда-чүйдөсүн, өзгөчөлүктөрүн үйрөнө баштадык.

— Алгачкы аракеттер тууралуу айтып берсеңиз. Башында кыйынчылыктарга туш келсеңиздер керек?

— Биринчи баштаганда балмуздак эле чыгарчубуз. 20-30 миң сом менен баштаганбыз. Ал кезде күнүнө 150-200 литр гана сүт керектечүбүз. Ар бир эле ишти жаңы баштап жатканда кыйынчылыктар болот. Биздин да башыбыздан оор күндөр өттү. Бирок акырындык менен бул иштин майда-чүйдөсүн, өзгөчөлүктөрүн үйрөнө баштадык. Мисалы, сүткө өтө кылдат мамиле кылуу зарыл экендигин билдик. Жада калса бир мүнөткө кечиксең бузулуп кетет. Баарын өз убагында аткарыш шарт. Тилекке каршы, болгон аракетибизди кылып, жумушту өз нугуна түшүрүп алган кезибизде, 2015-жылы, жолдошум каза болуп калды.

— Экөөңүздөр баштаган ишти жалгыз алып кетүү оор эле болсо керек...

Швейцариядагы Лозанна федералдык политехникалык институтунда илимдин доктору Жеңишбек Жакыпов  - Sputnik Кыргызстан
Биз жасаган роботту Марска жөнөтсө болот. Жаш илимпоз Жакыпов менен маек
— Кандай болгон күндө деле үйдүн башчысына ишенет экенсиң. Жолдошум өтүп кеткенден кийин коркуу сезимдери пайда болду. Эми эмне кылам, ишти кантип алып кетем деген суроолор көбөйө баштады. Анткени жолдошум бул ишти мыкты билген адис эле. Айткандары ар дайым туура чыкчу. Мындан улам ойго батып, коркконумдан ишке да чыкпай калдым. Ошол кезде 80ге чыккан атамдын насаат сөздөрү мага катуу таасир берди. Ал "сага окшоп жолдошунан ажырап жалгыз калгандар көп. Бир эле сен эмессиң. Башыңды көтөрүп, жолдошуң түптөгөн ишти татыктуу улантсаң балдарыңа жакшы эне болосуң" деди. Бул сөздөр менин чыйралуума, жеңимди түрүп болгон күчүм менен белсенип иштөөмө түрткү болду. Өзүмө аркага жол жок, корко турган болсом мага эч ким жардам бербейт дедим. Ошол эле кезде балдарымдын да колдоосуна ишендим. Анткени алар кичинекейинен эле биз менен чогуу жүрүп, бул иштин сырларын мыкты билип калышкан. Кичүү уулум башка жаатта билим алганы менен азыр да жанымда чогуу иштейт. Улуу балам мамлекеттик иште кызмат кылганы менен бош убактысында бизге жардам берип турат. Азыр үй-бүлөбүз менен жолдошум түптөгөн нерсени татыктуу улантып жатабыз десем болот. 

© Фото / USAID / Оливье ЛебланНуркан Жанакова: азыр үй-бүлөбүз менен жолдошум түптөгөн нерсени татыктуу улантып жатабыз десем болот.
Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуркан Жанакова: азыр үй-бүлөбүз менен жолдошум түптөгөн нерсени татыктуу улантып жатабыз десем болот.

— Кандай өзгөртүүлөрдү киргиздиңиз?

— Жолдошум каза болгонго чейин ишканабыз шаарда эле. Ижара акысын берип иштетчүбүз. Өзүбүз шаар четинде айылда турабыз. Ал эми сүт өндүрүү үчүн баштан-аяк жанында болушуң керек. Анан туугандар менен кеңешип, ишкананы айылдагы үйгө көчүрүп келдик. Жерибиздин жарымын ага бөлдүк. Бирок шаардан алыс ишкана иштеткендин да өзүнүн кыйынчылыктары бар экен. Мисалы, кээде жарык өчүп калат. Андай учурда түнү иштейбиз. Суу да бат-баттан токтоп калат. Эки күндө бир алыстан унаа менен таза суу ташууга туура келет.

— Бул тармакта 20 жылга жакын тажрыйбасы бар адам катары айта кетсеңиз, бизде ишкер айымдарга карата мамиле кандай?

— Эми аял кишинин колунан мындай нерселер келбейт деп ойлогондор бар. Бул туура эмес. Эркектер кыла албаган нерсени кылган айымдар көп. Эң негизгиси билимиң, эркиң, анан аракет болсо бардык нерсе колдон келет. Көпчүлүк аялдар үйдө олтуруп калгандыгы үчүн бир нерсени аткарууга белсене беришпейт. Болбой калсачы деп коркушат. Жок, бир идеяң болсо ошону аткарууга болгон күчүңдү жумшап аракет кылыш керек. Ар бир аял билимин өркүндөтүп, өзүнө болгон ишенимин жогорулатуусу зарыл деп эсептейм. Мен бул ишти аткара алам, башкалардан кем эмесмин деп жакшы жашоого умтулуу абзел. Негизи эле эненин балдарга, коомчулукка таасири чоң. Акыркы кездери айымдардын коомдо өз ордун билип, өнүгүүгө аракет кылып жатканы байкалат. Бизнес-семинар, тренингдерге көп катышам. Ал жерге эркектерге караганда аялдар көп келет. Ар дайым жаңы нерселерге кызыгып, сурап турушат. Бул жакшы нерседен кабар берет. 

© Фото / USAID / Оливье ЛебланНуркан Жанакова: азыркы учурда ишканада ондон ашык киши иштейт. Башында төрт киши болуп баштаганбыз. Ишкерлер көбүнчө кошуналарым, жалгыз бой аялдар
Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нуркан Жанакова: азыркы учурда ишканада ондон ашык киши иштейт. Башында төрт киши болуп баштаганбыз. Ишкерлер көбүнчө кошуналарым, жалгыз бой аялдар

— Азыр ишканаңызда канча жумушчу бар?

— Азыркы учурда ондон ашык киши иштейт. Башында төрт киши болуп баштаганбыз. Ишкерлер көбүнчө кошуналарым, жалгыз бой аялдар. Буюрса, жакынкы аралыкта жумушчулардын саны көбөйөт деп турам. Анткени алдыга койгон жакшы пландарыбыз бар. Азыр ишкананын жалпы аянты 300 чарчы метр. Эми бош турган жерибизди да кошуп, сүттүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, азыктардын дагы көбүрөөк түрлөрүн чыгарсак деп турабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, дагы көп адамдарды жумушка алабыз.

— Азыктарды таркатуу жагы кандай болуп жатат?

Бизнесвумен Жаркынай Деркембаева - Sputnik Кыргызстан
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек
— Биз чакан болгонубуз менен күнүнө бир тонна сүт иштеткен убагыбыз да болот. Тартылган сүт колдонбойбуз. Өндүрүштө жалаң таза, табигый азыктарды иштетебиз. Атайын фермерлер менен келишим түзүп, ветеринардык текшерүүдөн өткөрүп турабыз. Андыктан азыктарды таркатуу жагы да жакшы. Көптөгөн эл аралык ири компанияларга, заводдорго, мамлекеттик мекеме, дүкөндөргө сүт, каймак, айран, быштак жеткирип беребиз. Алардын бизге болгон ишеними жогору. Ар бир кардарыбыз ишканага келип, даамын татып көрүп, ичи менен таанышкан соң келишим түзөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0